www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жыл мурда Ак үйдө намазкананы жаңы ачылып, кубанып, ар бир жума-намаздагы кутбаны социалдык желелерде жарыялап жаткан кезим. Ага чейин намаздарымды кабинетимде окуп, жумага сырттагы мечиттерге барчумун. "Ак үйдө жамаат менен намаз окуй турган жер барбы?" - деп сураганымда аппарат кызматкерлери жер төлөдөгү мурдагы душ менен туалет болгон кананы көрсөтүштү. Канада (душтун эски орунунда) араң 3, ашып кетсе 4 эркек киши тыгышып-кысылышып жамаат менен окушса, бир адамдык туалеттин эски орунунда кезек кезеги менен кыз-келиндер окушчу экен. Аны коргондо көз-жаштарым төгүлүп Сыдыков Кубат инимди эрчитип алып түз спикер  Ахматбек Келдибековго бардым. Кудайга шүгүр, мамлекеттик бюджетинен бир тыйын албай, өзүбүздүн жана демөөрчүлөрдүн күчү  менен намазкананы Төрөбай Закир уулу окуду... Эки жылдан кийин намазканага батпай калганыбызда жамааттын атынан экинчи спикерге - Асилбек Жээнбеков аяш иниме кайрылдым. Ал убада берип, демөөрчүлөрдү таап, толук кандуу мечитти 3-кабатта курдуруп койду. Жума окулушуна фатваны муфтий Максатбек ажы чыгарып берди.

Мындай пикирин ЖК экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Фейсбук баракчасына жазып өткөн

күндөрүн эстеп алды.      Булак: NazarNews.kg

Последние новости