www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” курч кырдаалдан чыга алар бекен?

Эки жыл жети ай камакта жатып, эркиндикке чыккан Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү абалы “айттагыдай” дегенден алыспыз. Санаасын санга бөлгөн таасирдүү маселелер анын мээсин мыжыгып жаткан кези. Ушул ирет болчу парламенттик шайлоодон кантип олжолуу чыксам болот деген талылуу суроонун жообун табууга чебелектеп жаткан убагы экенин өзү деле танбайт.

Эгерде бул жолу анын партиясы аз добуш алып, мандаттан куру жалак калса Өмүкенин карьерасындагы эң чоң утулуу болуп каларын түшүнүп турат. Ошондуктан бир тал шыбакты болсо да кармап калуунун амалында уйкудан калып, терең ойго чөмүлүүдө. Ансыз деле саясаттын “тепкисинде” калып кала жаздаганын кантип эсинен чыгарсын?

Ооба, саясаттын түркүн көмүскө жагдайлары бар. Кээде жакын санаалаш, партиялаш болуп жүргөндөрдөн кол үзүүгө туура келет. Буга мисал, Алмамбет Шыкмаматов менен болгон пикир келишпестиги. Ошонун айынан мандатын таштап, партиядан чыгып, таптакыр башка тарапты көздөй кеткен Шыкмаматовдун жоругу Текебаевди ойго салбай койбоду. Кантсе да бир канатына доо кеткендей болду сыягы. Ал эми саясаттын казанында кайнамак түгүл аны кантип боркулдата кайнатуунун амалын билбеген Айсулуу Мамашеванын фракцияда лидер болуп калганына көпчүлүк таң калганы маалым. Бул эми айла жоктон чыгарылган чечим экени талашсыз. Демек, ишеничтүү үзөңгүлөштөрү жокко эсе болуп турганы айныксыз. Ошентсе да кайсыл чүкөнү сака кылууга жарай турганына баам салуу менен маселени жайгарууга учурда Өмүрбек мырза баш оорутууда.

Арийне, качыктуу кишилерди өзүнө тартууга, тымызын салам-дубайларды жиберүүгө, лып эттире кызарган нерсени баса калууга ыктыларды чогултууга камкордук көрүп жатканын акылы бар киши байкап турат. Каныбек Иманалиев, Сайдулла Нышанов, Бахадыр Сулейманов, Абдимуктар Маматовдор кайрадан үйүргө кирер, кирбеси азырынча бүдөмүк. Наталья Никитенкодой болууга калгандарынын дарамети жетишсиз. Анан калса мурдагы командасындагы күчтүү адамдардын көбүн күм-жам кылып салганы да чоң алешемдик болду дегенге жатат. Эмнеси болсо да “Ата Мекендин” учурдагы абалы мактанарлык эмес. Өз алдынча шайлоого чыгалабы деген суроонун жообун берүү мүмкүн эмес. Албетте, тигинтебиз, минтебиз деп күпүлдөй берген менен натыйжа кандай болорун тандап алган багытынан кези келгенде байкайбыз дечи. Текебаевдин стратегиялык тактикасы бул ирет иштеп кетерине анчалык ишеним жок…

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости