www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Diamond Princess деп аталган саякат лайнеринин ичинде жүргөн россиялык жаран Сергей Попов борттун ичинде жагдай тууралуу айтып берди.

Ал RT менен болгон маегинде абалы жакшы экендигин, бирок ЖМКлар ага чалып, оорусу туурасында сурап баштагандан тарта "жаман боло баштагандыгын" белгилеген.

"Кандай тамак берип жатышат? Силерди, редакцияңарды кошуп бул жакка алып келсе. Силер эмне деп жатасыңар! Эртең мененки тамакка креветки бергенин көрдүңөр беле? Орустар оор басырыктуу эле жүрөт. Америкалыктар тигил жакта ыйлап-сыктап, баары эле онтоп... Орустарда болсо... Жок, баары тынч, сейилдеп жүрөт. Кечирип койгула, биз ушундай элбиз. Телевизордун алдына туруп алып буркурап ыйлашым керекпи. Бул жерде жасачу нерселерим көп, өзүмдүн сүйүктүү ишимди бүтүрүүдөмүн. Карантинге алынган бул күндөрү ушунча көп сейилдептирмин, өзүмдүн шаарымда мынчалык көп баскан эместирмин", — деп айтып берген ал киши.

Орус жаранынын айтымына караганда, карантин күндөрү баштап койгон китебин жазып да үлгүргөн.

"Анын эмне коркунучу бар экен. Азыр Москвада жүрүп жаткан сасык тумоодон коркуш керек. Ал эми коронавирус деген… Балдардын мурду агып калган эле нерседей. Баары тез эле өтүп кетет, ызы-чуу деле тынчыйт", — деди россиялык жаран.

Белгилей кетсек, 5-февралда саякаттап жүргөн Diamond Princess деп аталган лайнер  Гонконго токтогон учурда анын жүргүнчүлөрүнүн биринен коронавирус табылган. Лайнер Япониянын Иокогама портуна токтоп, карантинге алынган. Соңку маалыматтар боюнча, лайнердин ичинде 3 700 адам бар, ал эми коронавирус жуктургандардын саны 621ге жеткени айтылат. Алардын арасынан эки япониялык — 87 жаштагы киши менен 84 жаштагы аял көз жумган.

Ошондой эле чет өлкөлүк  ЖМКлар лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран жана төрт казактсандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги маалымат чындыкка туура келберин айткан. Ал эми Казакстандын ТИМи маалыматты тастыкетап, эки аля жана эки жаш бала экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости