www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Президент Жээнбеков Сооронбай Шарипович! Мен Мамкаттоо, калкты тейлөө борборлору боюнча бир айда экинчи жолу сизге кайрылуу жөнөтүп жатам. Инфоком мамлекеттик ишканабы?

Менимче паспорттун бланкасын даярдап берүүчү ишкана болсо керек эле. Бирок, тилекке каршы, ишкана алдында калкты тейлөө борборлорун ачышып, паспорт берилип, кызматкерлерди ишке алып жаткандыгы мыйзамдуубу? – деген пикирин, коомдук ишкер, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова билдирди.

“Өздөрү паспорт чыгарып, өздөрү кайра калкты тейлөө борборлорун ачып, паспорт берип жаткандыгы, өздөрүнө каалагандай айлык акы дайындап, каалагандай иш алып барып, бирок эч кандай жоопкерчиликтин жоктугун кандай түшүнсө болот? Республика боюнча паспортстол, калкты тейлөө борборлорунан чогулган миллион, миллиарддаган каражат Инфокомдун эсебине түшүп, каалагандай калчап, финансы каражаттарын жумшаса, каалагандай чоң көлөмдө айлык акылар чегеришип, материалдык колдоолорду ыйгарышып, өзүнчө өздөрүн өздөрү билип, өтүгүн төргө илип жашаган мамлекеттик ишкана аталып жүрсө калган каражаттар кайда кетет? Мамлекетке паспорт боюнча чогулган кызмат көрсөтүүдөн эмне пайда келет? Бюджетке кандай кошумча киреше чегерилет? Ар кандай күмөндүү ойлорду жаратат. Коррупциялык схеманын очогу ошол жерде жаткандыгын текшерип көрсө болбойбу? Мамкаттоо ж.б. текшерүүчү органдар чукул кирип текшере албаса, Инфоком өзүнчө кол тийбестиги жок мамлекеттин ичиндеги, өзүнчө мамлекетпи?

Мына эми Инфокомдун орун басары Мамкаттоонун башчысы болуп дайындалыптыр. Мамкаттоону биротоло Инфокомго өткөрүп бергени калыштыбы? Коомчулукта түшүнүксүз ой пайда болууда.

2020-жылы боло турган шайлоодо керек боло турган паспорттор аркылуу түрдүү махинациялык иштерди Инфоком менен калкты тейлөө борборлору, Мамкаттоо аркылуу болуп көрбөгөн баш аламандыктарды башташты.

Коомчулукта пайда болгон пикирлер боюнча биротоло паспорт берүүнү, мыйзамдуу иштеп турган мамлекеттик паспорт берүүчү, жоопкерчилиги бар паспортстолдорду жоюп, калкты тейлөө борборлору менен иштөөнү улантууну, паспортстолду жеке менчикке өткөрүүнү максат кылып жаткан жаңы келген Мамкаттоонун жетекчисинин өздүк программасындагы максаты кызматкерлерди дүрбөлөңгө салып жатканы таң калыштуу болуп жатат. Жаңы келген төрага паспортстолду “жеке менчикке өткөрөт” деген сөз тарады.

Жарандардын купуя өздүк маалыматы жеке менчикке өтүп кетсе боло береби? Анда мамлекеттик купуялуулук кайда калат? Бул суроого ким жооп берет? Өкмөтпү? Мамкаттоону ушундай акыбалга кептеп, Алматага 1 миллион доллар акчаны түздөн түз которуп, ар тараптан даярдап качканга мүмкүнчүлүк түзгөн, Шайыкованы Англияга качырган адамдар жооп береби? 1 миллион доллар акчаны кошо алып, Англияда жыргап жашап жаткан Шайыкова жооп береби? Же баары унутуштубу? Догоев дегендер Шайыкова жөнүндө эмне деп жооп берет болду экен? Же тескерисинче реформатор, кеңешчи болуп, каалаганын жасаса боло береби? 1 миллион $ акчага ким жооп берет?

Мен таң калам, айткандын оозун жаман кылбай, өкмөттө, Президенттик аппаратта, ЖКда Инфоком менен Мамкаттоонун жетекчилерине сергек көңүл буруп, кылмыш кылган жетекчилердин жоопкерчилигин караган орган барбы? Же акча ойногон, акча айланган ишканаларды укук коргоо органдары да текшере албайбы? Ким кимден коркот? Тескеген бийлик бутактары барбы?

Паспорттун айланасындагы түрдүү шоу оюндар токтобой койду го!? Эмне деген мамлекет болдук?! Тартип, жоопкерчилик жок!

Мына кечээ эле 3-4 күндө Ноокат, Араван, Алай, Сузак ж.б. райондорунан мүшөктөп алынып келинген паспортторду Ош шаарындагы 2-3 калкты тейлөө борборлорун түнкү саат 3-4кө чейин ачып берип, түрдүү райондордун кызматкерлерин логиндерин пайдаланып, каттоого коюшту. Эгерде бул ыплас окуя болбогондо, мен сизге бир маселе тууралуу кайрылууну кайра-кайра жазмак эмесмин.

Мен саясатчымын, коомдук ишмермин. Үйдө олтурган жерим жок. Эл кызматында болуп келе жатам. Жаманбы, жакшыбы сиз жүргөн саясатты колдоп, оң көз менен карап, жакшы жолго түшүп кетсе экен деген аруу тилек, үзүлбөгөн үмүт бар.

Тилекке каршы, айланаңыздагы болуп жаткан терс көрүнүштөр, аракетиңизди жокко чыгарып жатканы өкүнүчтүү.

Акын Элмирбек Иманалиев "төрдү төрөлөр булгады” деп айткандай, жогору жактагы төрөлөр төрдү булгагандары аз келгенсип, калкты тейлөө борборлорунун системасын төрдө олтурган төрөлөр бузуп коюшту.

Коомчулук чуру-чуу болуп жатып калды. Ооз эки көрсөтмөнү берип, калкты тейлөө системасын бузуп, шайлоонун тизмесин булгашты. Ооз эки тапшырма бергендер кутулуп, кылтыйып олтурушат. Аткаруучулар же тиешеси жоктор тутулуп олтуругандыгы өлкөдө мыйзамдын иштебегендигине далил болууда. Тартиптин, жоопкерчиликтин жоктугунан улам каалаганын жасоо- Конституциялык түзүлүшкө кол салгандык. Мындай жолду жасаганга көрсөтмө бергендердин, аткаргандардын жоопкерчилигин караш керек.

Шайлоого жакын жолотпой, кызматтан кетириш зарыл. Эгерде үстүндө түздөн түз көрсөтмө берип, кепилдик бербеген бирөө болбосо, катардагы Мамкаттоонун кызматкерлери, операторлор өз алдынча мындай мыйзам бузуучулукка барбайт. Ошондуктан, төмөнкүдөй тартипте операторлорду пайдаланып, 30 000ден (отуз миңден) ашык адамдарды убактылуу каттоого коюп, түнү менен майрамдашып, видеолорду өчүрүп, момпоюп олтурган калкты тейлөө борборлорунун жетекчилерине тийишпей, куткарышып, тиешеси жок, кабары жок олтурган мамлекеттик ишкананын жетекчилерин иштен четтетип, чу дегенде мыйзамсыз иш баштагандарга жол болсун.

Калкты тейлөө борборлору жасаган бир квартирага 1300 адамды каттоого коюу бул бир эле факты.

Бир райондон 4000-5000 адамдардын паспортторун алып келип, операторлор аркылуу түнү менен уурулук кылгандай каттоого коюп салышкандыгы түздөн түз кылмыш эмей эмне? Мүшөктөп апкелген паспорттордун ээлери каттоого туруу үчүн арыз жазыш керек, кол коюш керек. Паспорттун ээси келбесе документке ким кол койду? Ким уруксат берди? Ким жоопкерчиликти алат? Убактылуу каттоого коюлгандар такталып, кайра кайтарылабы? Же “кар жаады, из басты” болуп, 200 сомдон 500 сомго чейин акча алып, каттоого койгондор түнкү сменде иштеп, коняк ичип, гриллдерди “закуска” кылып, буйрукту аткарып 30 000 ашык паспортту убактылуу каттоого коюп бүтүп, майлап, тойлогондор кутулуп, сыртта калган бейкүнөө жетекчилер садага чабылабы?

УКМК менен түзүлгөн атайын комиссия кандай жыйынтык берерине көзөмөл салалы. Өздөрүнчө реалдуу фактыга карата иш алып барышабы же жогору жактагы буйрукту күтүшөбү? Негизги шайлоонун тагдырын чечүүчү тизмеге ушундай бузукулук менен мамиле жасашып жаткан болсо, шайлоо баштала элек ушундай ыплас иштер менен алектенип жатышса, санариптик системага өтүүнүн зарылчылыгы барбы? Биометрикалык каттоодон өтүүнүн, аппарат менен добуш берүүнүн зарылчылыгы барбы? Форма- 2 аздык кылып, эми массалык түрдө шайлоочуларды акчага сатып алып, акчага каттоого коюшса шайлоого катышуучу партияларда кандай гана ойлор пайда болот? Анда шайлоо өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Акырында негизги жоопкерчиликти ким алат? Ким конкреттүү жоопту ким берет?

Ушундай программага реформатор болуп, он жылга жакын убакыттан бери жүргөн Президенттик аппараттын кызматкери санарипке өтүү боюнча кеңешчи болуп олтурган Догоев мырзабы? Инфоком менен Мамкаттоонун арасы ачык болуш керек. Функциялары аралашып жатып калды, жоопкерчилик жок. Азыр да таң калыштуу. Эмне үчүн Инфокомдун орун басары Мамкаттоого жетекчи болуп дайындалды? Карга карганын көзүн чукубайт болуп, бири-бири менен алмаштырыла береби? Шайлиеванын иши бүтө элек, унутта калып, кайра-кайра бир иштин айланасында иш жасап жүргөндөр алмашып жатышканы таң калыштуу. Мамкаттоодогу кадр маселесине качан сергек мамиле жасайсыңар?! Ушул эле аралашып жүргөндөр, кеңешчилер жүрүшөт. Жетекчилерди алмаштыргандары менен негизги аткаруучулар, жолдорду тапчулар ошол эле жерде жүрүшөт. Паспорттон ошол эле кишилер улутту жок кылышты. Паспорттун акмагы чыкты. Эми мына шайлоого карата шайлоочунун тизмесин акмагын чыгарып жатышат, оңолбойт окшойбуз. Көзүң менен көрүп, кулагың менен угуп турган реалдуу жашоодогу чындыкты акыл-эси жайында адам кантип унчукпай коё алат?!

Шайлоодо талапкердин тагдыры, шайлоочунун тагдыры кандай болот деген суроо ар бир жарандын көкүрөгүндө болуш керек. Бул суроого жооп таппасак шайлоолорду өткөрүүнүн кереги жок. Саясый партиялар эмнеге унчугушпайт?

Таң калыштуу. Кимдир бирөө конкреттүү түрдө жоопкерчиликти керт башы менен алышы керек. Калкты тейлөө борборлорунун жасаган 30 000 ашык убактылуу каттоого койгондор жөнүндө маселе акырына чыгыш керек.

Жоопкерчиликти жаңы келген Мамкаттоонун жетекчиси Мамбеталиев алабы? Же реформатор Догоев алабы? Же өкмөт башчы алабы? Же ким көрсөтмө бергенин айтышабы?

Коомчулук таза шайлоону күтүп жатышат. Жаман көрсөңөр да калыстыкты жазып койдум. Мен үчүн бул суроолордун жообу кызык. Анткени мен да саясатчымын. Кайдыгер болуп олтура албаймын. Азыр жергиликтүү кеңешке шайлоого карата баштаган мыйзамсыз аракеттери ушундай болсо ЖКда шайлоо кандай акыбалда болуп калат? Үчүнчү революциянын чыгышына, Мамкаттоонун, калкты тейлөө борборлорунун, Инфокомдун өз билемдик, шайлоо тизмесиндеги алешемдиктер шылтоо болуп жүрбөсүн. Бийликке таза жол менен элдин ишеничине ээ болуп келгиле! Арам иштериңерди токтоткула! Элдин убалына калбагыла! Эгерде мыйзамдуулук сакталсын деген ою болсо Президенттик аппарат чындыкка тике карап, болгон окуяны тыкыр көзөмөлгө алышсын. Урматтуу президент, Президенттик аппараттын бул багытка тиешеси жок болсо, жекече көзөмөлгө алыңыз?!

Коомчулукка укук коргоо органдары аркылуу күнөөлүүлөрдү аныктап, тактап, мыйзамдуулуктун сакталышына калыстыкты көрсөтүңүз.

Мен Мамкаттоо, калкты тейлөө борбору боюнча бир айда эки жолу сизге кайрылуу жасадым. Менин кайрылуум басма сөздөр аркылуу сизге жетип жатат деп ойлойм. Жеткен болсо, жыйынтык чыгарасыз деген үмүт бар. Үзүлбөгөн үмүт менен жүрөк өйүткөн маселелер боюнча сунуш кылып келем.

Мен жазгандан чарчабадым, уккандан силер чарчабадыңар. Бирок мен чындыкты айтып келем, жок дегенде сайттан окуп жыйынтык чыгаргыла”- деди V чакырылыштын депутаты Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости