www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-февралда, парламенттин жыйынында 2020-жылдын 18-февралындагы корутундусуна ылайык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда.

Депутат Аалы Карашев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери канча калганы жана аларга берилген жеңилдиктер тууралуу суроо узаткан.

Бул суроого өкмөт мүчөөсү жооп бере албай эки жагын карап, элеңдеп туруп калды.

“Силер айтпасаңар мен айтып коёюн, бул мыйзам 1996-жылы кабыл алынганда ардагерлерге 41 жеңилдик бар болчу. Аны кыскартып олтуруп, 22си гана калыптыр. Калганда дагы телефон менен бекер пайдаланса же болбосо   спорттук комплекстерге бекер барып келсе болот. Эң жаш ардагер бүгүн 95 жашта. Ошол 95 жаштагы киши спорттук комплекске барса бекер деп айтасыңарбы? Бир дагы орчундуу жеңилдикти көрө албай жатам. Силер барын максаттуу кылып карап чыгып келсеңер, биз колдоп берет элек. Мурда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кезексиз “квартира” берилет деген бар эле. Ушуга окшогон чоң нерсе көтөрүп келбейсиңерби?”- деди Карашев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости