www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Некст Строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтык Шерматов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тынчтык Шерматов 2018-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы менен Жалал-Абад облусундагы аталган райондо жайгашкан “Жеңиш” паркын кайра оңдоо тууралуу сүйлөшүп, келишим түзөт. Оңдоо иштери 26 миллион сомго бааланат. Бирок ЖЧКнын өкүлү аталган акчанын бир бөлүгүн (7 миллион 900 000 сом) алгандан кийин, берген убадасын аткарбай, качып кетет.
Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-б. (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Тынчтык Шерматовдун жүргөн жерин аныктоо мүмкүн эмес болгон. Буга байланыштуу аны камакка алуу чечими сырттан чыгып, ага издөө жарыяланган.
15-февралда кылмышка шектүү “Некст Строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтык Шерматов кармалган. Эки күндөн кийин, 17-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg