www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусу 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революциянын авангарды болуп келген. Атамбаев,Текебаев сыяктуулар СИЗОдо “параша” жеп, Отунбаева, Бекназаровдор бийликтен жашынып жүргөн 2010-жылы 6-апрелде Болот Шерниязов Таласта элди көтөрүп чыккан. Койсун Курманалиева деген “кампир” Өмүрбек Текебаевдин "Ата-Мекен" партиясы менен аты-жыты жок чыгып, элге таанылып, 2010-жылдагы революциядан кийин Талас облусуна губернатор болгон. “Ата-Мекендин” колдоосу менен беш жыл кызмат ордунан былк эткен жок.

Эми “Ата-Мекендин” башына күн түшүп жатканда Койсун Курманалиева куйругун түйүп Өмүрбек Бабановго апче боло калды. Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясы менен парламенттик шайлоого аттаныптыр. Беш жыл Таласта отуруп “битта” маселе чече албаган адам, кантип Жогорку Кеңешке мыйзам жазганы бара жатат деген суроо туулат? Же Зарылбек Рысалиев сыяктуу Өмүрбек Бабановго чокмор болуп, башын айлантканы бара жатабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости