www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп полициянын эки кызматкерине Калифорнияда жөнү жок жерден ок чыгарган кылмышкердин өлүм жазасына тартыларын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

 

"Эгерде алар (полициянын эки кызматкери – ред.) ары карап кетсе, сот тез болот, канкорго өлүм жазасы колдонулат. Бул токтото турган бирден-бир ыкма", – деп жазды Трамп Twitter тармагындагы баракчасына.

Башка маалыматтарда ок жеген кызматкердин бири эркек, экинчиси аял экендиги айтылды.

Буга чейин ал "Көк жашоолор мааниге ээ" (Blue lives matter) деп аталган кыймылдын чатагы туурасындагы маалыматты бөлүшкөн. Алар полиция кызматкеринин укугу үчүн күрөшүп, жарадар болгондор үчүн дуба кылууну суранган.

Эске салсак, Калифорниянын Комптон шаарында белгисиз бирөө Кайгуул кызматынын автоунаасынын жанына келип, капыстан эле анын ичинде отурган полиция кызматкерлерин удаасы менен бир нече ирет атып, качып кеткен. Окуянын кандай болгонун RT өзүнүн "Телеграмм" каналына жайгаштырган.

Шерифтин эки жардамчысы оор жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Ал эми тартип сактоочулар кылмышкерди издеп баштаган.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости