www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын юристтери УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Алмаз Үсөновго каршы шаардык сотко даттанарын билдиришти.

Алар “Белизгейт” боюнча УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жатышат. Буга чейин Белизден келген документтердин чоо-жайын мекеме аралык жумушчу топ иликтеп чыкмай болгон. Бирок ушул кезге чейин анын жыйынтыгы коомчулукка жарыялана элек.

“Ата Мекен” партиясынын юристтери чуулгандуу "Белизгейт" боюнча УКМК тараткан маалыматтарды жокко чыгарууну өтүнүп, былтыр март айында Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.

Юристтердин бири Таалайгүл Токтакунова маалыматтар далилденбей калганын, жазылган арызды Биринчи Май райондук соту тараптардын катышуусуз эле четке какканын айтты:

Таалайгүл Токтакунова.

​- "Бул чындыкка коошпогон маалымат болду, ошону жокко чыгаргыла" деген арыз менен үч депутаттын - Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын жана Алмамбет Шыкмаматовдун атынан сотко кайрылганбыз. Биринчи Май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев эч кимге айтпай, алардын катышуусу жок эле доо арызды канааттандырбай койду. Анда Сегизбаев фактыны эле констатациялап, "мындай кагаз барын айткан" деп белгилениптир. Мен деле өзүмдүн атымдан эмес, "ушундай кагаз бар экен" деп айтып жатам. Анан эмнеге ошондой эле фактыны көрсөтүп берип жаткан биз күнөөлүү болобуз дагы, алар болбойт?

Эми юристтер бул маселе боюнча шаардык сотко даттанганы жатышат.

Булак: "Азаттык"

Последние новости