www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элмурза топуктуу экен

Бийлик деген кандай күнгө туш келтирбейт дейсиң? Бирде төөгө мингизип жыргалга жеткирсе, дагы биринде ооматың кеткенде темир тордун артына киргизип, тагдырыңды талкалоого чейин алып барат. Мына ошонун ысыгына да, суугуна да тиштенип чыдагандар гана эркиндикке чыкканда ичиркенбей жашоосуна каниет кылат.

Элмурза Сатыбалдиев тууралуу жети жылда эмнелерди жазышпады, не деген жарлыктарды мойнуна такпады, жазмакерлер? Ошонун баарына чыдоого туура келди. Кенен-чонон бут сунуп отурганына анчалык көп убакыт боло элек. Турмуштун ачуу-таттуусун жон териси менен туйган мырза өткөнгө тишин кайрабай, былтыркы президенттик шайлоодо жакындары, санаалаштары менен ийри отуруп, түз кеңешип Сооронбай Жээнбековду тандады. Көрсө башынан опурталдуу окуяларды өткөргөн бул мырзага өлкөнүн туруктуулугу өзгөчө мааниде экен. Ал тургай жердеш талапкерге да боор тарткан жок. Ичиндегисин ачык айткан, бирөөгө кошоматтанбаган, калыс жүргөн кишинин мындан аркы кадамдары оң жолго түшөт деген пикир жаралууда.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости