www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Наталья Никитенко Олимпиада оюндарына катышуучу спортчулардын кийими боюнча сөз кылды. Депутат: “Эмне үчүн Ата Мекендик өндүрүш компаниясы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын кийим менен бекер камсыздап, белек катары беребиз деп жатса, эмне үчүн Өкмөт тендерге 5 миллион сом жумшап жатат? Эмне спорт үчүн, мамлекет үчүн акча ашыкча болуп жатабы? Ушул 5 миллион сомду Олимпиада  оюндарынынын катышуучуларына жумшасак болбойбу? Мекенчилдикти көкүрөк каккылап, куру сөз менен айтуунун ордуна практикада көрсөтсөк болбойбу?”,-деп нааразычылык билдирди.

Эскерте кетсек, Ата Мекендик Bigser Sport компаниясы Токио-2020 оюндарына белек катары бекер форма берүүнү 11-январда сунуштаган. Аталган компаниянын өкүлдөрү компаниянын товарларынын сапаты жогору экендигин белгилешти.

Бирок Жаштар иштери , дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги дизайнерлер арасында салтанаттуу жана спорттук жабдыктары боюнча сынак жарыялаган.

31-январда Улуттук олимпиадалык комитети Кыргызстандын курама командасы кытайлык фирманын экипировкасы менен Олимпиада оюндарына катышаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости