www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Улугбек мырза, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча жакшы маселе көтөрдүңүз. Маселенин өзөгү эмнеде?

- Акыркы кездерде Россияда, Казакстанда көптөгөн жол кырсыктары болуп, биздин жарандарыбыз каза болууда. Унаа жолго чыгарда анын техникалык абалын текшерип, уруксат кагаздарын караган атайын бөлүм бар да, ошолор эмне иш кылып жатат? «Канча унааны каттамдан алып койдуңар?» деген суроого так жооп бера албай жатышат. Себеби, алар лицензия бергенден башка эчтеке кылышпайт. Лицензияны берет да болду, башкага башы оорубайт. Ушул эле маселе биздин ички каттамдарда дагы бар. Биз 2019-жылы жаз айында Бишкектин батыш жана чыгыш автобекеттеринде жыйын өткөргөнбүз. Жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардын уюму өздөрү «бизге атайын бир бөлүм берсеңер, көзөмөл болсо, айдоочулардын эсалуусун, медициналык китепчелерин, унаалардын техкароосун караш керек» деп маселе коюшкан. Тилекке каршы, ал сөз бойдон калып, ушу жаатта ыргактуу бир иш болгон жок. Бул каржылык маселеге такалгандыктан, көбүнчө көз жумуп коюшат, адамдардын өмүрүн эч ким ойлобойт. Натыйжада тобокелге салып кете беришет. Маселе ошондо. Бул транспорт министрлигинин жетекчилеринин тармакты көзөмөлсүз калтырганынан улам болууда.

- Илгери, союз учурунда автобекеттерде ар бир каттамдын алдында айдоочулардын, унаанын абалын текшерген атайын кызматтар болчу эле. Айдоочу наркологдун көзөмөлүнөн өтчү.

- Ал кездеги талап күчтүү болчу. Биз союз таркагандан кийин жаман нерселер менен кошо жакшы эрежелердин баарын ыргытып салдык. Бул биздин жарандардын коопсуздугу үчүн керек нерсе. Өкмөт көзөмөлгө алып, ушул ишти уюштурушу зарыл. Транслорт министрлигинин алдында атайын транспорттук инспекция бар, ошолордун жоопкерчилигин кароо керек.

- Азыр эле бир коллегаңыз «транспорт министрлигине көз, же каргыш тийген эмеспи? Качан караба, бир жетекчиси пара алып кармалып аткан болот» деген күдүктөнүүсүн айтты. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Негизинен системдик кризис деп койсок болот муну. Бирок, ошол кишилер татыктуу айлык менен камсыз болгонбу, ошол жагын да карашыбыз керек. Биз бир жактуу карап атпайбызбы. Салык инспекциясында иштегендерди деле, бажчыларды деле. МАИ кызматкеринен «таза иште» деп талап кылабыз, бирок, ошол эле учурда мамлекет анын таза иштөөсүнө шарт түзүп, жетиштүү айлык менен камсыздап бердиби? Ушул жагын унутуп калабыз. Ооба, мен да ойлоп кетем, көп акча болгон жерде азгырык болот окшойт. Акыркы окуяда министрдин орун басары өзүнүн кызматкерин куткарып калыш үчүн пара берип атат. Мурда пара алып кармалса, эми пара берип кармала башташты. Эмне үчүн министрдин орун басары ошончолук суммадагы параны берип атат? Бул өзүнүн кызматкерин жоопкерчиликтен алып калуубу, же «өзүбүздүн да абийирибиз ачылып калбасын» деген коркуудан уламбы? Муну эми тергөө такташы керек. Негизи дагы бир жолу кайталагым келет, бул кадр тандоодогу системалык кризистин белгилеринин бири.

Аттокур ЖУМАЕВ

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости