www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылар, аткаминерлер кимиси кандай каймана лакап атты алып жүрөт улантабыз... 

Кыргыз саясатында жүргөн эл башкарам деген төбөлдөрдүн баскан-турганына, ишмердүүлүгүнө, саясаттагы позициясына карата ар кандай каймана атка (кличка) ээ болушат.

Айрымдарына жармашкан каймана аты, өмүр бою лакап болуп калат...

"Крокодил" 
Садыр Жапаровду "сабатсыз" деп сындап, акылынын жетишинче боктогонго аракет кылып жүрүп Билим берүү министри болгон Каныбек Иманалиев "Крокодил" деген каймана атты алып жүрөт. 

Мындай атка Жогорку Кеңеште "мага кылмыш ишин табуу Нарын дарыясынан, Аламүдүн суусунан крокодил табуу" деген сөзүнөн улам ээ болгон. 

Ырасында, крокодил жегич жырткыч катары белгилүү. Бул жагынан алганда Иманалиев өзүнө өзү төп келгендей каймана атты өзү жармаштырып алганы кызык... 

"Шрек"
Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевди "Шрек" деп тергешет. Мындай каймана атка бөбөктөр жактырып көргөн "Шрек" мультфильмдеги башкы каарман Шрекке окшоштугунан улам ээ болгон дешет. 

Чынында кайсы бир деңгээлде сырткы окшоштугу бар. Бирок, ички маңызы анчейин жакын эмес. Анткени, Шрек даалдаган ак көңүл, ичинде кири жок каарман. Ал эми Элмурза Сатыбалдиевдин андай сапатка ээ экени байкалбайт. 

"Челюсть" 
Жогорку Кеңештин 4 жолку чакырылышынын депутаты болгон Алтынбек Сулайманов "Челюсть" деген кличкага ээ. Ага өзү деле арданбайт. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өзүнө-өзү Челюсть деп вайн тарттырып элдин көңүлүн буруунун катуу аракетин көргөн. 

Алтынбек мырза мындай атка жаак формасынын түзүлүшү жана эрежесиз урушка түшүп жүрүп ээ болгону айтылып келет. 

Азыркы учурда караса көзгө илинбейт, кайда экени билинбейт. Кызыгы, "губернаторлук кызматтарды жоюш керек, алар чоңдорду тосуп, лента кескенден бөлөккө жармашпайт" деп сындап жүрүп, кийин өзү Ысык-Көл облусунун губернатору болуп кетип, ошондон ары критке кетти. 

"Таш" 
УКМКнын төрагасы, өлкөдөгү эң таасирдүү экинчи адам катары белгилүү Камчыбек Ташиевди коомчулук "Таш" деп тергешет. "Таш" делген каймана ат, фамилиясынын башкы үч тамгасы кыскартылып алынган. 

Чынында бул атка Ташиевдин мүнөзү да төп келет. Анын учурда жүргүзүп жаткан таштай катуу саясаты, таштай катуу майтарылбаган эрки "Таш" деген каймана атка дал келет десек жарашат. 

Азил-чыны аралашкан каймана атка ээ аткаминерлер тууралуу, ким кандай кличкага ээ экендиги боюнча кезек-кезеги менен жазып турабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости