www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айбек Жунушалиев Баткендеги каза болгон аскерге батир берүү токтомун «каша» кылган. Мындай маалыматты саясатчы Атай Бейшенбек уулу жазып чыкты.
«Урматтуу мэр Айбек Джунушалиев жана Шаардык кеңештин төрагасы Куванычбек Конгантиев! Мэриядагы бардакты качан токтотосуңар?!
Үстүбүздөгү жылдын 15-июлунда Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан Баткен окуясынан каза болгон жоокерибиз Юлдашев Бекзодго батир белек берилген. Батир мендеги маалымат боюнча Мүлк фондунун балансынан берилген.
Силер 28-сентябрдагы сессияда биринчи күн тартибин кабыл алып, анан 5 мөөнөттүк тыныгуудан кийин, кайра күн тартибине кайтып келип, Баткен окуясынан каза тапкан жоокерге кайтарымсыз батир берүү токтомун кабыл алууну коштуңар.
Сессия жыйынтыгы менен токтомдорду кабыл алдыңар дагы анан көрсө, Юлдашевге батир берилген экен бирок Октябрь окуяларында каза тапкан Үмүтбекке берилбегени ырасталып чыгып эми кашаңар чыгып отурат. Бирине эки ирет батир токтому чыгып бирине мына жаңы токтом чыгып тапшырылды да, токтомду кантип оңдоп ийсек деп отурасыңар.
Мына бул бир гана көрсөткүч, ишиңерди ирээтке келтирбесеңер жакында кашадан башыбыз чыкпай жатып калабыз!», - дейт ал.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматка киришкен 55 күндө ишинин жыйынтыгын көрсөтө алган жок. Бир катар активисттер анын аткарган ишинин жыйынтыгын көрсөтүүнү, алдыдагы иш планын айтууну талап кылышууда. Мэр бир дагы жолу жооп бере алган жок.
Булак: NazarNews.kg