www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмне үчүн Теңгиз Бөлтүрүктүн тышкы башкаруусу учурунда Кумтөрдө кадрлардын алмашуусу көп болгон? "Кумтөр" жабык акционердик коомунун тышкы менеджери катары Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүн дыкат текшерүү керек. Бул тууралуу жарандык активист Атай Бейшенбек NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
"Сатып алуулар боюнча гана эмес, бардык финансылык операциялар боюнча. Ал алтынды кайда жоготту? Канчага сатты? Чыныгы чыгымдар кандай? Кандай уюмдар келди? Алар кимге байланыштуу? Финансылык көз караштан алганда бул суроолордун баары коомчулук үчүн ачык болушу керек. Баары мыйзам чегинде болгонун, бардык мыйзам бузуулар укук коргоо органдары тарабынан иликтенип, тергөө иштери башталышы керек.
Садыр Нуркожоевич эң туура кылыптыр, каржы бөлүгүн текшерди, эми эл аралык укуктук документтин жүрүшүн текшериши керек. Менин оюмча, ал жерде дагы бир катар мыйзам бузуулар ачыкка чыгат окшойт. Эгерде кызматкерлердин тамак-аш азыктарынан, күйүүчү-майлоочу майларынан акча жасаган болсо, анда менин суроолорум көп.Миллиарддаган акча жүгүрткөн Центерра менен сүйлөшүүгө ушундай адамдарды Кыргызстандын атынан кантип жөнөттүк? Ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн эртең ким далилдейт?
Кумтөр маселеси өзүнүн тарыхында дагы бир бурулушка ээ болууда, анткени, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында сүйлөп жатып министрлер кабинетинин башчысы Кумтөр боюнча стратегиялык келишимдин жыйынтыктоочу документин кабыл алганын белгилеп кетким келет. Кыргызстандан Акылбек Жапаров, ал эми Центерра тараптан ишеним каттын негизинде Теңгиз Бөлтүрүк кол койгон. Эмне үчүн бир дагы документти көрө элекпиз деген суроо туулат. Айрым юристтер Кыргызстандын элчилигине документтерин таштап кеткенин жаңылыктардан гана көрдүк. Мындан улам Теңгиз Бөлтүрүктүн кызматтан алынышы бир катар суроолорду жаратат деп ойлойм", - дейт жарандык активист Атай Бейшенбек.
Булак: NazarNews.kg