www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-май таланттуу тележурналист Болотбек Макетаевдин туулган күнү, эгер тирүү болгондо 57жашка толмок экен. Ага-ини болуп катарлаш 20 жылдан ашуун бирге жүрдүк, сырдаштык, ырдаштык өмүрдүн көп таттуу күндөрү өттү, мени жакын инисиндей көрүп ичиндеги арман, бугун айткан күндөрү көп болду. Ал туурасында эскерүүм жазылып бүтө элек, буйруган күнү окуп каласыздар деген ойдомун. Төмөндөгү ыр Болотбек байке каза болгон жылы жазылган...

Тележурналист Болотбек Макетаевдин элесине  

Жылдыздар жааган кеч менен, Жылдызым түшүп кеч келем. Калдайып чыга калчудай, Карааның кайра эскерем.

Ага-ини болдук, өр кечтим, Алдыда жүрүп төр кездиң. Өзөндөй турсаң агылып, “өлөт”-деп ойлоп көрбөпмүн.

Жаралып тегин келбепсиң, Жолуңду салган сен сездим. Жашоону сүйсөң төгүлүп, Жарыктан сени бөлбөпмүн.

Жамандык ойлоп көрбөпсүн, Жашыл ааламдай кен сездим. Өмүрүң улайт уулдарың, Өлбөпсүң Боке. өлбөпсүң!

Жабыркап турсам ой бердиң, Жашарып жаздай сермелдим. “Жакыным, боорум”-дечи элең, Жаныңда жүрүп бой кердим.

Киндикти кесип, кир жууган Дайрабыз дагы бир суудан. Эгемдей жалган дүйнөдө, Ээрчиштик болуп бир тууган.

Тоолордой бийик ой-канат, Томуктай булут, жол санат. Жылдызым түшүп маңдайдан, Жалгыздап турам жол карап!

Атахан Кожогуловдун Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости