www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөгө белгилүү британиялык ырчы Аделдин 125 миллион стерлингдик байлыгы менен Британиянын  эң бай аял музыканты болгондугу билдирилди.

Дүйнөгө белгилүү британиялык ырчы Аделдин 125 миллион стерлингдик байлыгы менен Британиянын  эң бай аял музыканты болгондугу билдирилди.

Англис «Sunday Times» гезити билдирген байлар тизмесине караганда чыныгы аты Адель Лори Синий Эдкинс болгон 29 жаштагы ырчынын жеке мал – мүлкү акыркы бир жылдын ичинде 40 миллион стерлингге артуу менен 125 миллион стерлингге чыкты.

Британиянын эң бай музыканттары тизмесинде 19 -  орунду алган Адель азыркы учурда өлкөнүн  бай аял музыканты. Өлкөнүн эң бай музыканты болсо легендарлуу Beatles мүчөсү Пол Маккартни.

Маккартнинин жубайы менен орток байлыгы акыркы бир жылда 20 миллион стерлингге жакын артып, 780 миллион стерлингге жетти.

Британиялык музыкант жана композитор Эндрю Ллойд Веббе 740 миллион  стерлингдик байлыгы менен экинчи орунду алып, дүйнөгө белгилүү U2 тобу болсо 548 миллион стерлингдик байлыгы менен үчүнчү орунда.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости