www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ эле бакубат жашап жаткан элибиз бүгүн эмне кыларын билбей, кайгыга батып турат. Өзбекстандын Байланыш жана массалык коммуникациялар агенттигинин (БМКА) директорунун орун басары, өлкө президентинин кызы Саида Мирзиёеванын Курман айт күнү элге кайрылкк жасады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 

"Жарым жыл мурда бакубат турмуш сүрүп жатсак, азыр айлабыз кетип, кайгыга батып тургабыз. Күн сайын кимдир бирөө жакынын жоготконун укканда жүрөк ооруйт. Бирок азыр болгон күчүбүздү топтоп, жакшы күндөрдү күтүшүбүз керек. Ал күндөрдүн тезирээк кайтышы үчүн президентибиз колдон келген аракетин кылууда. Ал ар бир суук кабарды кайгыруу менен кабыл алууда. Анткени силер президент үчүн бир чоң үй-бүлөсүңөр. Баарыңыздарга күч-кубат тилейм", — деп жазган Мирзиёева.

Аны менен бирге дарыгерлерге терең ыраазычылыгын билдирдирген.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда да өлкөдө эпидемиологиялык абал оор. 31-июлга карата кошуна коңшу өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 23 558ге жетти. Анын ичинен 137 киши көз жумду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости