www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө ушул жылдын 15-июлундагы №129 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Тышкы иштер министрлигинин Италия жана Франциянын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн иштердин жыйынтыктары боюнча, Италия жана Францияда жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт.

Ошентип Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участкаларынын саны 42ден 44кө өстү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости