www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев, Акаев Батыш колдогон гейлерди колдойбу?

АКШ бекер жерден акча береби, учурда түтөтүп эле 4 миллиард 200 миллион сомдук беш машина долларды, “Манас” аэропортунан Кыргызстандагы өз элчилигине ташып алган. Дүйнөлүк дипломатиялык этика боюнча элчиликтерге тиешелүү мүлктөрдү текшерүүгө болбойт. Ошол себептен бул долларды жүктөп алган дипломатиялык машиналар эч текшерүүсүз элчиликке өтүп кетишкен. Бул акчалар менен ар кандай митинг, марш, гей-параддарды уюштуруп, ичтен жеген курттай болуп, ичтен иритип, Орусияга каршы күчтөрдү бириктирип чаң тополоң салыш керек. Бул акчадан “ооз тийишкен” НПОлор, жыйырмадай парламенттин депутаты жана башкалар мамлекеттин керт башын уруп ойнобой, алган акчалар үчүн тукулжурап турган калкты козгоого дайым даяр турушат. Чокту үйлөй берсе жалын чыгып кетиши мүмкүн, Акаевдин учурунда 1999-2000-жылдары миң можахедге араң туруштук берген армиябыз бар экенин билбейбизби? Владимир Путин мамлекет башына келгени коопсуздук чаралар бекемделип, кагаз жүзүндөгү ЖККУ чыныгы коргоно турган уюмга айланган. Ал мезгилде Кыргыз Республикасын бир дипломат акча менен коргогон экс-президент Аскар Акаев уулунун өз мекенине коюлбай калганы үчүн кусаматы артып турат. Ошондуктан, ал Батыштан куюлуп жаткан акча каражаттарына, алардын аркасынан өткөрүлүп жаткан гей-параддарга үмүт менен карап турса керек. Экс-президент Роза Отунбаева гей жүрүшкө барып катышып, Ички Иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ишине баа берди.

Алмазбек Атамбаевдин кеби башка, ал учурунда Путин менен досмун деп, тумандап кеткен көздөрү менен аны эл алдында этикадан тышкары сыга кучактаганы көпчүлүктүн эсинде. 2017-жылы августта Сочиде Путин “досуна” жолугуп, ал эмес Сыягүл Карман деген кесиптешибиз Путинден кыскача маек алууга жетишкен. Акыркы ирет “досу” менен болгон жолугушуу СИЗОго камалар алдында болсо керек. Ортодо 7 ай убакыт өттү, бирок Путин тараптан үн жок. Демек, Атамбаев деле ичинен “досунан” түңүлгөн болсо керек, ошондуктан АКШ тараптан келген акчалар, гей жүрүштөрү анын деле кабатыр тартып жаткан жүрөгүнө жарык шооласын чачып жаткандыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости