www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай абалда болсоң да, башыңды бийик көтөр, такыр ылдый кылба, балким ылдый кылган башыңды кайрадан бийик кылуу үчүн мүмкүнчүлүк таппай каласың ...

Эки бутуң менен турган кезиңде бул дүйнөнүн кичинекей эле жерин ээлесең, өз принциптериңе бекем турган кезиңде ааламдын бүт баарын ээлегенге мүмкүн болот...

Сен билген нерселердин бардыгы эле жүрөгүңө кубаныч тартуулай бербейт, ошондуктан кээ бир нерселерди билгениңе караганда билбегениң абзел...

Бир нерсени өтө катуу жакшы көрбө, эгер андай кылсаң, көчөт тигип, суу коюп, астын жумшартып жүрүп, бирок көчөтүн өстүрө албай койгон дыйканга окшоп каласың...

Деңиздин суусу кеменин тешигинен жылчып кирмейинче аны чөктүрүп жибере албайт. Ийгиликсиздик да ошого окшош, жолум болбой жатат, бул менин колумдан келбейт деген сыяктуу пессимист ойлордон арылмайыңча ийгиликке жетпей жүрө бересиң...

Даанышман сөзү...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости