www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмаз Атамбаев снайпердик винтовкасы менен алты жолу атып, "Альфанын" командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүп, беш адамды жарадар кылуу менен мыйзамдуулуктун гана эмес, адеп ахлактын, нравалуулуктун талаасынан биротоло чыгып, өзү коё бердирген Азиз Батукаевдин катарына кошулду.

Эми аны экс эмес, рецидивист деп атаган туура болот. Ал бардык диндерде, мыйзамдарда эң оор күнөө катарында эсептелген кылмышка барды, аң сезимдүү түрдө атайылап адам өлтүрдү. 

Ал эч жерде кечирилбейт, аны жасаганга гана эмес, бала чакаларына да жийиркеничтүү эн тамга бойдон калат. Аны менен кошо өзү да саясатчы катарында биротоло өлдү десек болот. Өз колу менен бир нече адамды атып, аны мактаныч катарында айтып отурган адамга деги мындан ары кандай адамды жактайт, колдойт?

Мыйзамдуулуктун, гумандуулуктун, ыймандын талааларынан биротоло чыгып кеткендер гана жакташы, колдошу ыктымал.

Тилекке каршы, биздин коомдо акчасы төлөнсө, Чикатилону жактоочулар деле чыга берерин турмуш ырастап келет. Батукаевге деле жер жайнаган адвокаттар чыкпадыбы. Бирок Атамбаевдин цивилдүү дүйнө үчүн саясый өлүккө айлангандыгы эч кимде шек туудурбайт. Дүйнөнүн азыркы тарыхында Уганданын адам жегич мурдагы императорунан башка өз колу менен адам өлтүргөн мамлекет башчысы катталаэлек. Мурдагы бай тарыхтан деле өз колу менен адам өлтүргөн хандарды, королдорду, императорлорду билбейбиз. Бул жагынан Атамбаев Кыргызстандын гана эмес, жалпы Азия элдеринин абройлоруна доо кетирген канкор экс-президент болуп калды. Цивилдүү өлкөлөрдө башкалардын өмүрлөрүнө кол салмак түгүл, муштагандар деле ошол замат саясый өлүккө айланышат.

Бирок, "боло берет кыргызга" дегендей, дүйнөдөгү акыл эстүү, ыймандуу адамдардын баарын зааркандырып, жийиркендирген эң чектен чыккан окуянын Кыргызстанда болгондугу гана намыстандырат, арга келтирет. Атамбаевдин жоругу - биздин демократаялык имиджибизге урулган оор сокку болду. Буга чейин Борбордук Азиядагыэ лдерге көп жаман жактарыбыздан мисал болуп жүрсөк, бул ирет ал дагы бир жолу ырасталды, бекемделди. 7-августка чейин АШАны жактап, коргогондор акча үчун ошентип жатат дедик эле, ал адам өлтүргүчкө айлангандан кийин анын жанында жөнөкөй адамдар гана эмес, депутаттар, окумалдар жүргөндүгүн кандайча түшүндүрүүгө болот?

Акыл-эстүү, мыйзамды сыйлаган, адеп ахлактуу адамдар Атамбаев "Альфачыларды" аткандан кийин эле "биз колу канга булганганга кошула албайбыз, эми арабыз биротоло ажырады" деп кетип калышмак. Бирок алар Атамбаевдин адамдарды атышканын кадимки эле таш бараң урушкандай эсептешип, эч нерсе болбогондои ага кошулуп, аны шыкактап жүрүшпөдүбү! Бул бизде экстремисттер түгүл, парламенттин айрым мүчөлөрүнүн да таптакыр мыйзамдуулук менен эсептешпейк алгандыгын көрсөтөт. Аларга карата мыйзамдык катаал чаралар көрүлбөсө мындан кийин ал көндүм көрүнүшкө айланып кетет.

Атамбаев кармалды, СИЗОго киргизилди. Бирок, тергөөчүлөр тактап, тастыктай турган маселелер абдан көп.

Шагыраган автоматтар, патрондор, тапанчалар кайдан алынган? Алардын буга чейинки кылмыштарга тиешелери барбы? Эмне үчүн аларды Карамушкина, Артыков, Мадеминов, Кодуранова сыяктуу депутаттар көрүп туруп, тийиштүү жерлерге билдиришкен эмес? Кылмышты көрүп туруп, аны тийиштүү органдарга кабарлабаган да кылмыш. Эмне үчүн ал жогоруда айтылгандарга, аларды жандап жүргөндөргө колдонулбай жатат? Коомчулук мына ушуларга тезирээк жооп алышы керек. Аны эл чыдамсыздык менен күтүп жатат, деп "Майдан.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости