www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты.

Сулайманов «Азаттыкка» мурдагы президент эки кишилик камерада жалгыз отурганын, УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айтканын билдирди:

-«Кармоо шарттары, тергөөчүлөрдүн мамилеси жакшы. Дары-дармектер бар» дейт. Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат экен. Адвокаты да кирип-чыгып атыптыр. Камерада кичинекей жарык берүүчү жабдык бар экен. Болгону ошону кечкисин өчүрүп коюусун суранды. «Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай атам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок», деп  "Азаттык" жазып чыкты.

Эскерте кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, 13-августта «Адам өлтүрүү», «Куралды мыйзамсыз жүгүртүү», «Массалык башаламандык уюштуруу» деген бир нече оор беренелер боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында билдирген.

7-августта Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ишке ашпай калган. Кагылышуу болуп, бир топ адам жарадар болуп, бир офицер каза болгон.

Эртеси, 8-августта, кайрадан кармоо операциясы жүргөн, жыйынтыгында, экс-президент ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүп, колго түшүп берген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости