www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевге КАЙРЫЛУУ
1-бөлүк
Алмазбек Шершенович! Мен сизди кымбаттуу да, урматтуу да деп атабайм, анткени антип айтсам бул мен тараптан болгон эки жүздүүлүк болуп калмак. Ал эми эки жүздүүлүк сизге тийешелүү нерсе. Бирок сизге кантип болсо да кайрылыш керек болуп жатат. Ошондуктан ар нерсени айтып башты оорутпай, сизди жөн эле Алёша-байке деп коёюн. Анткени сиз өзүңүз айткансыз, сизди бала чагыңызда Алёша дешкен экен. Алёша деген ат “тезек” же “көркөө” дегенге караганда жакшыраак да, туурабы. Бирок мындай ат коюу да сизге мүнөздүү нерсе. Ошондуктан жөн гана Алёша байке деп сүйлөшө берейин.
Ушундаа-ай, Алёша байке. Мен сиздин телеканалыңыздан берген интервьюңузду көрдүм. Мен ойго батып, акылына келип калган ишмерди көрөмдү дедим эле, бирок андай болбоду. Сиз байгы эле таз кейпиңизде экенсиз дагы эле. Дагы эле элдин баарын жинди, өзүңүздү болсо акылдуу сезет экенсиз. Кыскасы өзгөрбөптүрсүз.
Ыңгайлуу жана алдын ала даярдалган суроолорго үйдө отуруп алып жооп берүүдөн өткөн жакшы нерсе барбы. Сиздин ошол интервьюңуздан кийин элдердин сизге бере турган суроолор ого бетер көбөйдү. Мени сиз өзүңүз козгогон бир маселеңиз кызыктырды. Бул кайрылуумдун биринчи бөлүгүн ошондон баштайын. Ал сиздин байлыгыңыз тууралуу.
Сиз өзүңүздү 2010-жылга чейин эле долларга мультимиллионер болгондугуңузду кашкөйлүк менен далилдөөгө аракет кылып келесиз, аны 2017-жылы Владимир Путин менен маалымат жыйынын өткөргөн учурда да айткансыз.
Бирок эмнегедир көрсөтмөлөрүңүздө ар бир жолкуда ар башка айтып, адашасыз. 2013-жылы “Азаттыкка” берген интервьюңузда сиз байлыгыңызды 10 миллион доллар дегенсиз. Ал эми 2017-жылы апрелде сиз 2003-жылы январь айында Измир шаарындагы ишкананын акцияларын сатуудан түшкөн акча түрк лирасы менен 4,5 миллиард болду дедиңиз.
Саясий маалымат бөлүмү муну 35 миллион АКШ доллары болот деп эсептеп чыкты. Бирок коомчулуктун жана ЖМК башкача арифметиканы айтышат. Түрк лирасынын инфляциясын эске алганда ал акчалар 27 миң доллар гана болот экен. Эгерде сиздин маалымат кызматыңыз адашкан күндө да ал сумма миллиард эмес, трилион болгон күндө да сиз айткан суммага 8 миллиондой баары бир жетпей калат.
Сиздин акыркы берген маалымат жыйыныңызда Алёша-байке, сиз жаңы жагдайларды айтып жатасыз. Көрсө, сиз 2002-жылы 27 миллион доллар эсебинде дивиденд алыптырсыз. Ал эми салыгын төлөдүңүз беле? Качан, кай жерде төлөгөнсүз? Эмне үчүн 2010-жылдан берки декларацияда бул долларлар эч жерде көрсөтүлгөн эмес?
Ооба, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кош салык алууну жок кылуу тууралуу келишим бар. Бирок сиз өзүңүз ал бинесиңиздин эркин экономикалык аймакта экендигин айтып жатасыз, демек, Түркияда эч нерсе төлөгөн эмессиз. Ошентип сиз салыкты Кыргызстанда төлөшүңүз керек болчу.
2005-жылкы март революциясынан кийин сиз мамлекеттик кызматкер болуп калдыңыз. Бирок сиздин декларацияңызда сиздин бул суммаңыз көрсөтүлгөн эмес. 2009-2011 жылдардагы президенттикке талапкер болгондогу декларацияңызды айтпаганда да, 2011-2017-жылдардагы президенттик декларацияңызда да эч кайсы сумманы көрсөткөн эмессиз.
Ошондо кандай болуп калат? Сиз өзүңүздүн билдирүүңүздө өлкөгө акча тарткан болуп жатасыз да, ошол эле мезгилде кирешеңизди жашырып, мамлекетке салык төлөбөй жатасыз.
Мен али сиздин нотариустан күбөлөндүрүлгөн, Түркияда сакталып турган документтериңиз тууралуу коомчулукка айтканыңыды козгой элекмин. Чамасы, сиз бекеринен бул суммаларды кэш менен алганыңызды айтпаган окшойсуз. Анткени сиздин каражатыңызды жылдырганыңызга бирден бир далил-бул банктын кагазы гана. Ансыз мунун баары президенттик жылдары жеген байлыгыңызды жалган документтер менен мыйзамдаштыруу болуп калмак.
Жанагы сиз “документ” деп жаткандарыңыз белизгейттен эч кандай айырмасы жок. Эгерде мен салык органында иштеген болсом, сиздин айткандарыңызды тыкыр иликтеп чыкмакмын.
Анын үстүнө, мунун баарын сиз президент болгондон мурун кылгам деп жатпайсызбы, бул жерде кол тийбестиктин тийешеси да жок болуусу зарыл. Сиз ошондуктан кантип коргонуунун амалын табыңыз эми.
Кыскасы, ири өлчөмдө салык төлөбөй коюу жана акчаны адалдоо бардык эле жерде катаал жазаланат. Сиз саясатта калам деп жаткандан кийин, саясий оппонент катары сизди талкалоо үчүн тийешелүү органдарга сиздин ишиңиз тууралуу маалымат бериш керек экен.
Атамбаевге кайрылуу (2-бөлүк)
Алёша-байке келиңиз, баягы сиз президент болуп турганда курдурган хан сарайыңыз тууралуу кепке өтөлү. Үй – бул жакшы нерсе. Бирок ошол жерди Албек Ибраимовдон сатып алып жатып, ал жер кимдики болгондугун жана кимге тийешелүү экендигин билбей калгандыгыңызга ишенүү кыйын. Анын үстүнө, сиз ал жердеги дарактарды менин ата-бабам отургузган деп жатасыз.
Эми муну коррупция эмес жөн эле дал келип калуу деп коёлу, бирок ошол жерди сизге бергенден кийин бир жылга жетпей Албек Ибраимовдун мэр болуп калышы да дал келип калуубу? Буга эмне дей аласыз?
Атамбаевге кайрылуу (3-бөлүк)
Сиз, Алёша-байке, мени эч ким үй бүлөлүк башкаруу боюнча күнөөлөй албайт деп кыйкырып жүрөсүз. Бир жагынан алып караганда ооба, ошондой. Анткени сиздин балдарыңыз жаш болчу, туугандарыңыздын да жарамдуусу жок эле. Ошол себептүү сиз аларды алып келе алган жоксуз.
Эгерде Бакиевдин жөндөмдүү туугандары болсо, сиздин жөндөмдүү кызматкерлериңиз бар экен. Болбосо 2010-жылдын 7-апрелинен кийин шоопуруңуздун болуп көрбөгөндөй көкөлөшүн эмне менен түшүндүрөсүз? Машианын ролун башкаруудан дароо эле президенттин аппаратынын башчысынын орун басарлыгына көтөрүлүү, мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси болууга көтөрүлдү. Мындай карьера Кыргызстандын тарыхында болгон эмес, ал тургай советтик мезгилде эске алганда да.
Аа... ырас эле анын
Бул жерден кантип Болот Сүйүмбаевди эстебей коё алабыз, ал сиздин жеке жан сакчыңыз, 1987-жылы дене тарбия институтуна тапшырып аны 2012-жылы бүткөн. Башкача айтканда 25 жыл окуган. Бул таланттуу студентти диплом алгандан баштап УКМКнын 9-кызматынын начальниги анан УКМКнын анализ жана прогноздоо кызматынын төрагасынын орун басары жана генерал-майор наамын алганга чейин көтөрдүңүз. Кадрлык офицерлердин кандай абалда калгандыгын элестетип көрүңүз эми.
Айтмакчы, 2016-жылкы кирешенин декларациясы тууралуу маалымат боюнча, бул генерал-майор жалаң гана маянасына жашап, үй, машинасы болгон эмес. Дагы жакшы анын жакын туугандары эч жерде иштебесе да 135 кв метрлик квартирада жашап, «Лексус» RX 350 машинасын табышкан экен. Чамасы кудай берген го. Болбосо ак кызматы үчүн белекке бергенби?
Сүйүмбаевден сиздин дагы бир сакчыңыз Улан Исраилов кем калган эмес. Сиз өзүңүздүн мурунку кызматкериңизди реформатор деп атагансыз. Оюнуңузбу, чыныңызбы? Анын Жогорку Кеңеште жөнөкүй гана ИИМге тийешелүү жөпжөнөкөй суроолорго жооп бере албай шерменде болгондугун унутуп калдыңызбы?
Айтыңызчы Алёша-байке, үй бүлөлүк-кландык башкаруу менен шопурлук-сакчылык башкаруунун кандай айырмасы бар? Үй бүлөлүк башкаруу болгону менен, тигилер дипломдуу адистер болчу.
Ал эми шопур Илмияновдун камалышы тууралуу маселеге келсек, сиз айткандай аны шайлоо тууралуу көп нерсе билгендиги үчүн камаса, сиз аны каяктан билип калдыңыз? Эгер билип туруп, үндөбөй жүргөн болсоңуз сиз да кошо экенсиз да. Ал эми ошол убактагы Конституциянын гаранты катары бул нерсе сиздин күнөөңүздү гана оорлотот.
Атамбаевге кайрылуу (4-бөлүк)
Эгер чындыгын айтсак, бул тууралуу сүйлөшүү да кызыксыз. Болбогон эле бир нерсе, элдин баары эмне болгондугун сизден жакшы билет. Бет тырмачылык кылбаңыз бул жерде. Бир да факты жок.
Сиз ЖЭБ реконструкциясы баштала электе эле орусиялык эксперттерден эскертүү алгансыз. Тактап айтканда, алар мына буларды айткан:
А) Жабдууларды тандап алуу(казан, түтүк) максатка ылайыксыз. Андан сырткары, орнотулуучу казандардын өндүрүмдүүлүгү 1100 тонна, ал эми бузулган казандардыкы 1280 тонна саатына;
Б) Жагыла турган отун, салыштырмалуу түрдө үчүнчү топтогу жарылуучу заттардын катарына кирет. Бул эмнени билдирет? Бул деген, ал долбоордо каралган газдын кургатуусу жөн гана эске алынбай калган.
В) Иштетип жүргөн тажрыйбаны эске алуу менен ал жердеги өндүрүмдүүлүгү 550тонна саатына болгон казан үчүн төрт тегирмен орнотуу керек болчу, а булар болсо үчтү гана орнотушкан. Ал эми бункердин(4 даан) жана суу отунду кургатуучу (4даана) сандары болсо тегирмендин санына туура келбей калган.
Г) азоттун оксидин азайтуучу казанды иштеп чыгаргандар болсо аны жараксыз кылып жасап коюшкан, ошондуктан азоттун оксиди долбоордогудан (510мг/нм3) ашып кеткен.
Эмне үчүн жогоруда айтылгандар ЖЭБ реконструкциясы боюнча чечимди кабыл алууда эч кандай таасир этпегендигин билгибиз келет.
Анан да Алёша-байке, дүйнө жүзүндө элдин баары экологиялык жактан таза газ менен иштетүүгө өтүп жаткан чакта, биз көмүр казандарын орнотуп салган факт тууралуу эмнеге унчукпайсыз?
Сиз башка өлкөлөрдөгү обьекттердин үлгүсүн туура эмес келтиргенсиз.
Коңшу казакстандын Семей шарындагы ЖЭБдин курулушу азыр баштала да элек. Азыр ал жерде долбоорлоо стадиясы болуп жатат. Быйыл сентябрдын аягында коомчулукту угуу болду, ал жердеги станциядан чыккан таштандылар, түтүндөрдү кандай кылуу боюнча талкуулап жатышат.
Карагандадагы ЖЭБ-4 боюнча болгон Меморандумга гана кол коюлду. Ал эми Төрөкоргондогу ЖЭБдин баасы чынын айтканда биздикинен жогору турат, бирок ал экологиялык жактан таза жапан технологиясы менен курулган, турбиналарына Mitsubishi буу газ түтүктөрүн орнотулган.
Эмне үчүн Фергана ЖЭБиндеги Kawasaki Heavy Industries жапан компаниясын биз да алып келип курдурсак болбойт? 1 МВт – 1,38 млн. доллар экен. Айтмакчы, ал жерде өтө жакшы сапаттагы газ түтүктөр орнотулган. Электр энергиясын жана жылуулук бөлүп чыгаруу үчүн 57,76 мегаваттык жаңы казандар курулган. Ушунун баары болуп кредиттик эме, гранттык каражаттын 60% курулган. Ал болбосо Еревандагы жаңы ЖЭБди алаык. Баасы 255 млн доллар. Аны ушул жылы күздө куруп башташты жана ал газ менен иштейт. 1 МВт баасы – 1,14 млн. доллар.
А балким КМШ өлкөлөрүндөгү эң кубаттуу деп эсептелген 2012-жылы Минскиде курулган ЖЭБ-5, аны Кытай улуттук корпорациясы менен кызматташтыкта курушкан. Баасы 322 млн. доллар.
Эскерте кетейин биздин Бишкектеги ЖЭБ 396 миллион долларга реконструкцияланган. Ал эми Минск Кыргызстанга караганда Кытайдан 4500 километр алыстыкта турат. Бул эми транспортировка маселеси тууралуу.
Алёша байке, 1200 долларга алган кычкачтарды эстедиңизби? Бирок аны эмнегедир 15, 9 миллион долларды кайда чыгымдалгандыгын жазып жатканда кошкон эмессиңер. Анан да Сапар Исаков сыяктуу ак жүрөк адистер сизден түз буйрук албай туруп ушуларды жасагандыгы бир аз күмөн туудурат.
Анан да, бизге Бишкек тоңгону калганда сактап калдык, деп жомок айтканды токтоткула.
Сиз бир эле суроого жооп бере аласызбы? Сиз жаман деген Бакиевдин жана анын болумсуз уулу Максимдин тушунда Бишкек ЖЭБ кытайлар менен 150 миллион долларга реконструкция болгону жаткан, ал эми сизге бул долбоор колуңузга тийээри менен эмне үчүн сумма үч эсеге көбөйүп кетти?
Атамбаевге кайрылуу (5-бөлүм, акыркы)
“Мен силерге чынын айтайын, менин үч жылдык премьерлик жана президенттик башкаруумда Кубанычбек Кулматов тарабынан бажыда төлөмдөр үч эсеге көр топтолду!”- деген сөзүңүздү келтирейин. Ушунчалык болгондон кийин акырына чейин чынын айталы. Алёша байке боозураак болгон болбойт да. Эмне үчүн сиздин убагыңызда бажы төлөмдөрү үч эсеге көтөрүлгөндүгүн айтпайсыз? Мына, ушул жактан эле көбөйүп жаткан да төлөмдөр.
Сиздин оң колуңуз Сапар Исаковду Матраимовду жумуштан алгандыгы үчүн камады деп жатасыз. Бирок ошол Райым Матраимовду ким кызматка алып келгендигин эстеп көрөлүчү? 2010-жылкы сиздин Бекназаров менен телефон оркылуу сүйлөшкөнүңүздү эстеп көрөлүчү. Азике сизди Раим миллион ордунда калышы үчүн 400 миң доллар алгандыгыңызды айтпады беле? Бекназаров Жээнбековдун губернатор болуп турган убагында Матраимовдун кылган иштерине нааразы болгон фактыны бышыктайт.
Алёша байке Раим-миллионер сиздин тушуңузда бажыда ийгиликтүү эле иштеди. Анын коррупционер экендигин билген болсоңуз, аны ишин иликтеп камаганга сизге ким жолтоо болду?
Андан ары сиз мамлекеттик карыздын сиздин убагыңызда 2012-жылы 3,3 миллиарддан 2017-жылы 4,3 миллиардга көбөйгөндүгүн жана бюджеттин дефицити 20,2 миллиард сомдон 20,9 миллиард сомго көбөйгөндүгүн айтып бердиңиз.
Ошондой эле сиз биздин тарых музейибиз, элде жок ат майданыбыздын бардыгы менен мактана аласыз. Деги койчу карапайым калк үчүн эмнелерди гана кылган жоксуз Алёша-байке! Баса, улуттук статистикалык маалымат боюнча, сиздин башкарууңузда элдердин айлык маянасы 14,5 долларга түшүп кеткен. Албетте муну менен да мактана аласыз! Ал эми Текебаев тууралуу баянызды уккан адам асынып алгысы келет. Анын үстүнө азыр Маевскийдин камалып жаткан учурунда, бул нерсеңиз ыкшый турган күрүнүш. Ал эми сиздин белизгейт тууралуу сөзүңүз болсо, жөн эле кошок. УКМКнын төрагасына бирөө башка кагазды берип койгон имиш. Буга ким ишенет.
Сиздин коңшулар тууралуу айткан сөзүңүз да күлгөнгө аргасыз кылды. Мен сиздин айткан сөзүңүздү келтирейин “Биз көз карандысыз мамлекетпиз. Көз карандысыздыгыбызды урматташы керек. Мен кылгандай кылып катуу жооп бериш керек болчу”.
Анда жакында эле Байболовдун саясий серепчи Нарын Айыпка берген интервьюсун кайда катабыз, анда биздин өтө көз карандысыз мамлекетибизге Орусиянын тийгизип жаткан таасири айтылды го? Мурдагы чекист 7-апрелден кийин УКМКнын бөлүкчөлөрүнүн ар биринде орусиялык атайын кызматтын кураторлору отургандыгын ачык эле айтпадыбы?
Ошентип, биз сиздин жообуңузду күтөбүз. Болбосо бул жерде сиздин мамлекетке кылган саткынчылыгыңыз айгинеленип калганы турат.
Андан аркысы да кудум эле ушундай өңүттө кетет, ал мен эмес, меники эмес болчу деген сыяктуу эле сөздөр. Бирок мен бир нерсеге түшүнбөй жатам Алёша-байке, ошол интервьюну эмне үчүн бердиңиз?
Соке досуңуз дос да, кас да эмес болуп чыкты! Сизди укпай койгонго батына алды. Өзүнүн пикири бар экендигин билгизди. Бул эмнени билдирет? Сиздин сөзүңүзгө ишенсек, президентти Кыргызстандын эли эмес эле сиз президенттикке алып келиптирсиз да ээ? Анда шайлоо таза өттү деген сиздин сөзүңүз эмне болду? Жээнбеков сизге иштебей койгон соң, ал сөз күчүн жоготтуубу?
Бардык берилген суроолорго жооп берүүңүздү чыдамсыздык менен күтөм. P.S. Жээнбековдон эмнени күтөбүз. Чечкиндүүлүктүбү жана катуулукту. Мурунку президенттин ишин иликтөөдө ачыктыкты жана адилеттүүлүктү күтөбүз. Баарынан мурда коррупцияда, декларацияда, салыкта ошондой сапаттар менен иш алып баруусун каалайбыз. 7-апрелде тартылып алынган мүлктөрдү калыс териштирүүнү. Русгидро жана Лиглас келишимдеринин талкаланышы боюнча териштирилсин. Ишти баштай берсе, шайлоочулар колдоп алат.
Улугбек Бабакулов, журналист
Булак: NazarNews.kg