www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-январына карай мамлекеттин карызы 4 млрд. 625 млн. доллар болду. Анын ичинен ички карыз 485 млрд. доллар, тышкы карыз 4 млрд. 139 млн. долларга жетти. Бул карыз өсүү жолунда. Маселен, январь айында эле мамлекеттик карыз дээрлик 122 млн. долларга көбөйгөн. Анткени Кытай насыясына Бишкек ЖЭБин модернизациялоо сыяктуу долбоорлор аткарылууда, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду сыяктуу эл аралык финансылык мекемелердин карыздары менен бюджет тешиктери жамалууда.
Карыздын структурасын караганда, Кыргызстан Кытайга эң көп карыз экени аныкталат. Бүгүнкү күнгө карай Кыргызстандын Кытайга карызы 1млрд. 711 млн. доллар болду. Атамбаев президенттиктен кетер алдында карыз алуудан коркпош керек, дагы ала бериш керек деп күпүлдөгөн жайы бар.
Сырттан жана ичтен жоопкерсиздик менен карыз алуу мамлекетти оор абалга алып келүүдө. Эл аралык уюмдар Кыргызстанды карызын төлөй албоо коркунучундагы мамлекеттер катарына киргизген. Мамлекеттин карызы быйылкы жылдын январына карай ИДПнын 58.8% түзөт…
Карыз төлөө бюджет үчүн эң оорго турууда. Маселен, быйылкы жылы карыз төлөөгө бюджеттен 28 млрд. сом, келерки жылы 35 млрд. сом жумшалат. Бул кирешеси 140 млрд. сомдун тегереги болгон Кыргызстан бюджетинин үчтөн бири карыз төлөөгө кетет дегендик…
Карыз төлөөгө байланган мамлекет мугалим, дарыгер жана бюджеттик мекемелердин айлыгын көбөйтө албайт. Айлыгы үй-бүлөсүн эмес, өз жанын багууга жетпеген чиновниктер, миллиционер жана башка мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга малынууга аргасыз…деп жазат elnews.media.
Булак: NazarNews.kg