www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин (Атамбаевдин учурунда эле) Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясынын аймагында жаңы үй салынып жатканы, ага Алмазбек Атамбаев жашай турганы тууралуу күбүр-шыбыр кептер чыгып барып токтоп калган эле. Акыры булл кептин чындык экени билинди. Муну президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы маалымат булактарынын бирине бышыктап берди. Башкармалыктын басма сөз катчысы АйшаЧуштукова "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга ылайык мурдагы мамлекет башчысы да “Ала-Арча” резиденциясынан өмүр бою турак-жай менен камсыздалышы керек экендигин билдирген. “Мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан жогорудагы мыйзамдагы эрежелерге ылайык, жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынган. №17 мамлекеттик дачаны курууга республикалык бюджеттен каражат коротулган жок. Курулуштун ички-тышкы инженердик-коммуникациялык жабдууларына, эки гаражы менен жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталган. Курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берди. Азыр ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт”, - дейт ал.
Эгерде бул маалыматка ишенсек, анда резиденциядагы жаңы үйдү курууга мамлекеттик бюджеттен акча коротулган эмес экен. Жалпысынан ага 89,3 миллион сом коротулса, анын 77,8 миллионун А. Атамбаев өзү демөөрчүлүк кылса, калган 11,5 миллион сом кайсыл булактан каржыланган? Бул боюнча эч кандай маалымат жок.
Ал эми “А. Атамбаев өзү каржылаган” деген 77,8 миллион сом боюнча кандай документтер бар? Иш башкармалык менен түзүлгөн келишим барбы? Ошол суммадагы акча каражаты Иш башкармалыктын кассасына келип түшкөнүн тастыктаган документ барбы? Ал акчадан 12% кошумча нарк салыгы түштү деген отчет кайда? Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк кылып келишим түзүп, анан турак-жай салдым десе да окшошпойт.
Себеби “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясы өзгөчө кайтарууга алынган зона болуп саналат. Ал жерге каалаган эле киши келип үй сала албайт. Эгерде мына ушул жогорудагы биз айткандарды тастыктаган документтер болгондо, эмдигиче аны деле Иш башкармалык жарыялайт болчу. Демек, андай документтер жок.
Экинчиден, ЖК депутаты К. Иманалиевдин айтымында Башмыйзамда экс-президентке автоунаа, жансакчы, жардамчы өмүрүнүн аягына чейин бериле турганы жазылган, бирок үй тууралуу жазылган эмес. “Бул үй боюнча ким менен кимдин ортосунда түзүлгөн келишим бар, бул канчалык деңгээлде мыйзамга туура келет - документтер менен таанышып чыкканча айтуу кыйын. Бирок менимче Башмыйзамда үй тууралуу жазылган эмес.
Айта кетүүчү нерсе - биз мамлекетибиздин бюджетин, чама-чаркын карап жашашыбыз керек. Биринчиден, резиденцияда 3-4 эле жетекчи жашашы керек. Бизде кандай? Учурда "Ала-Арчада" он чакты жетекчи, мэр, коопсуздукка тийиштүү министр да жашайт. Вице-премьерлер жашайт. Кичинекей Кыргызстанга мунун кереги жок”, - дейт ал маалымат булактарынын бирине берген комментарийинде. Эгерде ар бир экс-президентке резиденцияда үй салуу боло берсе, анда кандай болот?
Эртең А. Атамбаев “Бул үйдү мен өз каражатыма курдургамын” деп чыкпай турганына ким кепилдик бере алат? Эгерде мындай көрүнүштөргө жол бере берсек, анда резиденция деле бара-бара жеке менчикке айланып кетпейби? Деги эле Атамбаев эмнеге мынча өзүм билемдик менен резиденцияга президенттик мөөнөтүнүн акыркы жылында үй курдуруп салганын түшүнүү кыйын. Эгерде ал резиденцияда өмүр бою жашагысы келсе, анда Кой-Таштагы 2,7 гектар жерге “хансарайды” неге салдырды эле?
Булак: NazarNews.kg