www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талап катуу болсо, натыйжа жемиштүү болорун биле баштадык. 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент С. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабын койгондон кийин Башкы прокуратуранын ишинде кадимкидей жандануу байкалды. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевдин айтымында Башкы прокуратура коррупциялык багыттагы кылмыш иштери боюнча маалыматтардын бирдиктүү базасын түзө турган болду. Муну ал борбор калаабызда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында көзөмөл органы мындан тышкары дагы жок кылынган кылмыш иштеринин электрондук реестрин түзөт. «Сот, укук коргоо органдарындагы коррупцияны жок кылуу бүгүнкү күндө актуалдуу мааниге ээ. Коопсуздук кеңешинин жыйынында көзөмөл органдарынын жетекчилерине белгиленген мөөнөттө бир аз токтотулган жана токтотулган иштерди инвентаризациялоо, ошондой эле тергөөчүлөр тарабынан кабыл алынган чечимдердин себептерин табуу тапшырмасы берилген. Башкы прокуратура кызматтык экономикалык кылмыштуулук боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын бирдиктүү маалыматтык базасын түзөт. Ошондой эле жок кылынган, уурдалган жана жоголгон иштердин электрондук реестрин түзөт», - деди ал.

Прокуратура органдары үстүбүздөгү жылдын 27-мартына карата ички иштер органдарынын тергөөсүнөн, жаза аткаруудан, улуттук коопсуздук жана экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү органдарынан суратылып алынган 1448 бир аз убакытка токтотулган жана токтотулган кылмыш иштерин карап чыкканы маалым болду. Муну экономикалык жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана бажы органдарынын тергөө жана ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдүн башчысы Абай Молдокматов билдирди. Анын айтымында бул кылмыш иштерин карап чыгуунун натыйжасында 221 көрсөтмө берилип, тергөөнү убактылуу токтотуу боюнча 224 токтом жана кылмыш иштерин токтотуу боюнча 19 токтом жокко чыгарылган. Айтор, мына ушундай иштер учурда кызуу жүрүп атканы маалым болду. Демек, талап катуу коюлса, иштин натыйжасы да байкалаарлык болору маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости