www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек мэри Албек Ибраимовдун шаардык депутаттар тарабынан кызматынан четтетилишине мындай пикир айтты.

- Карагылачы, кандай жугунду куюп, иштегенге тоскоол болуп жатышат! Дээрлик жарым жылдан бери...А Сапар Исаковго, Кубанычбек Кулматовго тагылган сандырак айыптоолор, негизсиз куугунтуктоолордон, өзгөчө ЖЭБ иши боюнча экспертерге ачыктан-ачык басым жасоолордон кийин ким болбосун адилеттикке болгон ишенимин жоготот. Коомчулук муну АКС тарабынан мыйзамдарды жана моралдык принциптерди тоотпогондук катары ачык эле айтып жатат.

Атамбаев буга чейин да Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышы боюнча үн каткан. Анда да кылмыш иштерин “абсурд”, “саясий куугунтук”, “өз пикири, позициясы барларга аңчылык” деп атап, эмоциясын аяган эмес.

Анын мындай пикирлери коомчулукта талкууну күчөтүп, сарказм жаадырып, мыскылга алгандар көп болду. Аларды коомчулуктун Атамбаевге берген жообу катары кароого толук негиз бар. Маселен, социалдык тармактын Азамат Акенеев аттуу колдонуучусу мындай деп жазган: “Алмазбек Атамбаевге айтып койгула, кабатырланбай эле койсун. Иштерди өзү реформалаган прокуратура менен УКМК иликтейт. Өкүмдү өзү түзгөн соттор чыгарат. Эгер ал, өзү тынбай айтып жүргөндөй, баарын туура жасаган болсо, анда тааныштары үчүн тынчсызданууга негиз жок. Баары мыйзамдын чегинде болот”. Бул жарандык коомдун экс-президентке берген жообу жана ал учурдагы реалдуу картинаны өзүнө толук камтыйт.

Ал эми башка бир жарандык активист: “Атамбаев кечээ эле өзү Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Карганбек Самаков, Бекболот Талгарбеков, Эрнест Карыбековдорду жеке кеги менен куугунтуктап, камап жатканда саясый куугунтук, мыйзамсыз каралоо, адам укуктарын бузуу деген түшүнүктөр анын мээсинде болгон эмес. Көз каранды прокуратура, соттор аркылуу аларды жазалатып, анан калп эле “мыйзам чегинде болот” деп анткорлонуп келбеди беле? Алардын иштеринин мыйзамсыз экендигин, коррупциялашкандыгын эми эле билип калдыбы? Башыңа таш тийдиби эми?” – деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости