www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы депутаттык курамга жаңы депутаттын келиши менен башталды. Депутат Мураталы Тагаев шаар мэри болуп шайланганына байланыштуу мандатын тапшырып, анын ордуна «Ата Журт» фракциясынан Заттарбек Боронбаевкелди. Шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев ага төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырды.
Сессияда негизинен Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоору жана 2020-2021-жылдарга божомолу тууралуу маселе каралды. Депутаттар шаардын жергиликтүү бюджетинин2019-жылгаболжолун 338 миллион сом менен жактырышты. Бул бюджеттин быйылкы жылдагы көлөмүнөн 10 миллион сомго көптүк кылат.
-Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга болжолун шаардык кеңештин депутаттары жактырып беришти. Эми биз бул божомолду өлкөнүн республикалык каржы министрлигине тапшырабыз. Ошентип, өлкөнүн кийинки жылдагы өнүгүшүнүн контурлары иштелип чыгылат, - дейт Жалал-Абад шаардык каржы башкармасынын башчысы Азамат Раматиллаев.
Ошол эле кезде шаардык кеңештин депутаттары шаар казынасын толтуруу, киреше булагын арттыруу, бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келген салыктарды тактоо жана жыйноо багытында бир катар талаптарын коюшту. Эми шаардык каржы башкармасы тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте тактоолорду жана толуктоолорду жүргүзүп, ал талаптарды аткарууга тийиш.
Ошентип, быйылкы 2018-жылга карата шаардык бюджет 328 миллион сом өлчөмүндө бекитилсе, кийинки жылга карата бюджеттин өлчөмү 338 миллион сом деп аныкталды. Ал эми акыркы беш-алты жылдан бери шаар бюджетинин көлөмү жыл сайын 15-20 миллион сомго көбөйүп келүүдө.
Шаардык кеңештин сессиясында депутаттар шаар турмушу үчүн маанилүү делген дагы 7 маселени карашты жана тийиштүү токтомдорду кабыл алышты.
Булак: NazarNews.kg