www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда кадр саясатын туура эмес жүргүзгөнүн моюндады. Ал “мен дагы көптөгөн кадрдык кемчиликтерди кетирдим. Бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманат кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!”, - дейт.

Бул жерде экс-ажо замандын өзгөрүшү менен Атамбаевден жүз буруп, башка жолго түшкөн эки жүздүүлөрдү айтып жатат. Бирок, бийликти пайдаланып жеке кулкундарын тойгузган, элдин капчыгына кол салган жемкор КСДПчыларды кыйгап өтүп кеткендей. Так ушул Атамбаевдин тушунда жемкордук миллиарддап гүлдөп, казынага беш колун салгандарды кайда катты экен?

Атамбаев кезинде анын шоопурлары, жансакчылары, катчылары жана башка чала сабат туугандары министрлик деңгээлде башкарып келишти. Учуру келип, алардын баарынын тең мамлекеттик саясатты мындай кой, жадагалса өзү иштеген мекемени өнүктүрбөгөнү, тескерисинче барган жердин баарында кызмат абалынан кыянат пайдаланып, жеке чөнтөгүнүн камын гана көрүп иштегени ачыкталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости