www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Кулматовго 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деген жарлык тагылууда. Мамкаттоо буга негиз катары УКМКнын Кулматовго 1996-жылы паспортту негизсиз алган деген жүйө менен козгогон кылмыш ишинин алкагында Биринчи май райондук сотуна ошол паспортту жараксыз деп табуу өтүнүчүн келтирген. Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кулматовдун адвокаттары бул аракеттерди "акылга сыйгыс" деп баалоодо. Алар мындай жол менен Кулматовго басым көрсөтүлүп жатканын айтууда.

Ал эми мындай жагдайды саясий серепчилер Россия Кыргызстандын бийлик эгелерине «Кулматовду кандай жол менен болсо да бошотосуңар» деген талап койгонун, аргасы кеткен бийлик жарандыгын алып, эптеп өлкөдөн чыгарып берүүгө мажбур экенин божомолдошууда.

Булак: "Фабула"

Последние новости