www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн кийин милицияга чакырылды.

Буга чейин 14-февралдагы маалымат жыйынында ал 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуянын катышуучуларынын биринин сөөгү жашыруун көмүлгөнү тууралуу кабардар болгонун билдирген. .

22-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-февралда бул маалымат ЖККККга катталып, текшерүү белгиленген.

Милициядан билдиришкендей, 2019-жылы аталган жарандын жерге берилиши боюнча Талас райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүргүзүлүп, К.М. аттуу жарандын өлүмү Кой-Таш окуясы менен байланышы жок экендиги аныкталган. Маалым болгондой, маркум кырсыктын айынан каза болгон. Тактап айтканда, ал Талас районунда жоголгон малды издеп, тоодо жүргөн учурда 12 калибрлүү мылтык менен сол бутуна кокустан атып алып, кан жоготуудан каза тапкан.

Андан кийин кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш ишин токтотуу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле, Чүй облустук милициясынын тергөө кызматына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина чакырылган. Анын айтымында, ал Кой-Таш окуялары учурунда аталган жарандын каза болгону жана анын жашыруун жерге берилгени тууралуу Б. аттуу чала тааныш аялдан уккан. 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, бул маселени коомчулук арасында көтөрүп чыккан.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуялары учурунда каза болгон жаран жана анын жашыруун жерге берилгени тууралуу маалымат тастыкталган жок», — деп билдиришти милициядан.

Эскерте кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Анда күч органдары менен Атамбеавдин тарапташтары ортосунда кагылыш болуп, УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков каза тапкан жана көптөгөн жаран жараат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости