www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев саясатта өз максатына жетиш үчүн кимди болсо да пайдаланып, анан кереги жок болуп калганда кайра куугунтуктаганды мыкты өздөштүрүп алганын коомчулук билет. Мисалы, ал президенттик тактыга (2011-жылы) Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабановдордун колдоосу менен жеткен. Эгерде булардын колдоосу болбосо, анда Атамбаев эч качан премьер-министр да, президент да болмок эмес. 

Ө. Бабанов анын 2011-жылдагы президенттик шайлоодогу штабын жакшылап каржылап бергенин айткан. Отунбаева менен Текебаев өздөрүнүн саясий салмагы менен аны көтөрүшкөн. Анан президент болуп алгандан кийин АША Отунбаеваны «Самозванка» атап, Текебаевди болсо тастыкталбаган факты менен эле түрмөгө отургузуп койду.

Ал эми Бабановду болсо 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында «Назарбаевдин шестеркасы, Кыргызстандын чыккынчысы» атап, ага карата кылмыш ишин козготуп, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылган. 

Мына ушундайча өзүнүн санаалаштарын ачык эле саткан Атамбаев эми кайрадан Бабанов менен Текебаевдин колдоосун алгысы келип атканы кызык. Ал 22-июлда өзүнүн хан сарайында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Мен эбактан бери эле Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери жасалма, мыйзамсыз деп айтып келатам. Бабанов Кыргызстанга келиш керек, коркпой эле келе берсин, биз аны эч кимге кор кылдырбайбыз», - деп сүйлөдү. 

Демек, ошондо ал бийликте турган кезинде Бабановго мыйзамсыз кылмыш ишин атайылап козготтурганын мойнуна алып жаткан болобу? Же ал «Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, анан ал камакка алынса, анын тарапташтары көчөгө чыкса, ошондон пайдаланып өлкөдө башаламандык жасап калайын» деген арам планын түзүп жатабы? АШАдан баарын күтсө болот. Бийлик үчүн, мансап үчүн ал «1000 адамдын канын төгүп болсо да бийликти алам» деген сөзү белгилүү эмеспи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости