www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда Кыргызстан тараптан 15 киши жабыркап, ооруканага түштү. Алардын 12си октон жараат алган, үчөөнө таш тийген. Бул тууралуу  өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабыркагандар арасында милиция, чек ара кызматкерлери, жергиликтүү тургундар бар.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Расмий маалымат боюнча кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришинде Тажиктер желегин орнотуп жатканда эки тарап орточунда чыр чыккан. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон. Бул чатакта аңчылык мылтыктан ок атылган.

Ворух кеңешинин Тожикон маалесинин башчысы Гафуржон Жураев кагылышуудан жергиликтүү бир тургун каза тапканын, дагы жети киши жараат алганын айтты. Ал окуяда кыргыз айылынын тургундары аңчылык мылтык колдонсо, тажик тарап таш ыргытканын айткан.

Учурда Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин, ок атышуу токтогонун билдирди. Ушул тапта Исфара – Ворух авто жолу жабылып турат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү абалды жөнгө салуу үчүн биргеликте иш жүргүзүүдө. Жеңиш Разаков каякка тартарын билбей башы маңги болуп турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости