www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2014-жылы Алмазбек Атамбаевдин убагында, гүленчилердин жол көрсөтүүсү менен ачылган эле. Ал убакта Атамбаев гүленчилердин жетегинде болсо да, Анкарага учуп барып АК Партиянын жеңишин майрамдап, Эрдоганга «аби» деп шыйпаңдап жүргөн.

Мына ушундай шартта Кыргызстандагы гүленчилер Атамбаев менен биригип түрктөрдү кантип «сындырыштын» планын түзүштү. Гүлен менен учурашып келди делген Фарид Ниязовдун «көсөмдүгү» менен жарым жартылай мамлекеттик болуп эсептелген «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлдү. Бул фондду түзүүдө Египетте окуп жүргөндө эле гүленизм менен таанышкан жана АШАнын диний кеңешчиси статусуна ээ Абдүшүкүр Нарматовдун батасы алынган. Ошондой эле Гүлендин капчыгына айланган Адеп Башатын жетектеп жүрүп Диний комиссиянын «чоңу» болгон Абдуллатиф Жумабаев да ар тараптуу колдоо көрсөттү.

Мындай чоң «аперациянын» ишке ашуусу үчүн гүленчилер фондго жетекчи кылып өздөрүнүн кишисин гана койушу керек болчу. Ал киши гүленизмдин кылтагына Анкарада окуп жүргөндө эле илинип, кийин Кыргызстанга келгенден кийин Жаш ишкерлер ассоциациясын түзүп, бизнес чөйрөсүндөгү акчаны Пенсильванияны көздөй бурууга жетишкен Искендер Ормон уулу эле. Ормон уулу гуленчилердин «дин соодасын» жакшы билген кишиси болчу.

Искендер Ормон уулунун «Ыйман» фондун жетектей башташы, фондго спонсор болот делген түрктөргө жакпай калган. Фонддун ары бери калчагандар Ормон уулун оодара салып ордуна ойсоңдогон нуржигит Кадырбековду отургузушту. Ошондо гана түрктөр ойдогу ишти жасап 5 миллион АКШ долларын фонддун эсебине отургуза салышта. Бирок бул акчанын түрктөрдөн келгени жөнүндө ооз ачпаган организаторлор, ойду-келди иш кылып, баарын ойрон кылышты. Оозун чөп менен арчыган Орозбек Молдалиев булардын кайыгына тез эле минип, молдолорго стипендия беребиз деп чыкты. Сапар Исаковду фонддун Башкаруу Кеңешине кошуп, Мира Карыбаева аркылуу ишти бүтүрүштү.

2016-жылдын 15-июлундагы Түркияда ишке ашпай калган төнкөрүштөн кийин бул уюшкан топ, түрк тарапка бармагын тиштетип, алдына Атамбаевди аркыратып салып алып акчасынын эсебин сураган анатолиялыктарга ажылдады.

Атамбаев болсо, жөн жерден гүленчилерге болушуп, бекер эле Эрдоган «абисин» сатат беле?! Жок, албетте. Алкымынан гүленчилерге байланган Атамбаев айланасындагы алкымы алып качакандардын аркасынан ээрчиди. «Ыйман» фондунан Атамбаев менен Исаков канча акча алганы белгисиз, бирок экөө тең Гүленчилердин кызыкчылыгын аягына чейин коргоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости