www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада, 27-апрелде Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрүн жарым-жартылай жыйынга  топтогон. Мына ошол жыйында Атамбаев Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө барууга даярдыгын билдирген экен.

Жээнбековду кагып-силкүү менен башкара албасына көзү жеткен Атамбаев эми сүйлөшүү жолуна түшүүнү көздөгөндөй.

Атамбаев Жээнбеков менен же Жээнбеков Атамбаев менен эмне жөнүндө сүйлөшүүсү мүмкүн?

Атамбаевдин кадр маселесине аралашуусу мүмкүн болбой калды. Анын бардык кадрлары дээрлик айдалды. Айдалбагандары Жээнбеков тарапка өтө качты. Бир гана Бишкектин мэри калды. Анын да күнү саналуу экени айтылууда.

Ошондуктан алдыдагы сүйлөшүү эки маселенин айланасында болушу мүмкүн? Биринчиси, КСДПнын биримдигин калыбына келтирүү жана алдыдагы парламенттик шайлоого биргелешип даярдык көрүү маселеси. Экинчиси, Бишкек ЖЭБи баш болгон ири коррупциялык кылмыш иштерди Атамбаев жана анын жакын жан-жөкөрлөрүнө жеткирбөө, мүлктөрдү бөлүштүрүүгө жол бербөө маселеси. Атамбаев ушул маселелерди Жээнбеков алдына коюп, эгерде ал оң чечилсе, анда анын акысына өзү саясаттан биротоло кетерин, партияны да өткөрүп берерин жарыялашы мүмкүн.

Жээнбеков бул маселелерде кандай позиция карманышы мүмкүн? Ансыз деле абалдын толук кожоюнуна айланган, анын ичинде  мамлекеттеги бардык финансылык “потокторду” көзөмөлгө алган Жээнбеков Атамбаевдин айтканына көнүп, баарын “жабылуу аяк жабылуу” бойдон калтырууга барабы? Же Атамбаев өзүн баш кылып, Исаковун каш кылып, коррупциялык иштерди аягына чейин иликтөөгө барабы?

Булардын кайсы бирин тандап алуу Жээнбековдун өзүнүн президенттигине эле эмес, мамлекеттин кандай жол менен өнүгүүсүнө да чоң таасир эте турган маселе.

Булак: Элньюс

Последние новости