www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, коррупционерлерди желеге козу көгөндөгөндөй тизет делип жаткан жаңы шайланган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов деле кыйратпай калды көрүнөт. Анткени Жамшитов Жалал-Абад облусунун прокурору бо­луп турганда айрым корруп­цияга шектүүлөрдү калкалап келгени айтылууда.

Башкача айтканда, Жалал-Абад об­лусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турган 2010-2015-жылдар аралыгында да 315 мыйзамсыз токтом чыгарып, 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген делип айыпталып, коррупция менен кылмыш иши козголгон учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковду дал ушул Жамшитов калкалап келгени кеп болуп жатат.

Ошол себептен Исаковдун иши бүгүнкү ге чейин создугуп келиптир. Демек коррупцияга шектүүнү калкалап жүрсө, коррупционерлер менен кантип күрөшмөк эле? Саясий заказдар менен эле алектенип калбаса болду...

Булак: "Фабула"

Последние новости