www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстан боюнча 204 мектеп курулуп бүтөт, мындай тарыхта болгон эмес деген пиар катуу жүрүп жатат. Уккан кулак сүйүнөт. 

Арийне, мындай жакшы ишти кубаттап, колдоо гана керек. Бирок акыйкатты дагы айтуу зарыл. Жалганды токуу аркылуу башкалардын дагы эмгегин жеген Жаратканга жакпаган иш. 

Дегенибиз, кызганып, жашырып-жаап, өздөрү автор болуп жакшы көрүнөбүз дебестен: "Быйыл буга дейре Атамбаевдин, Жээнбековдун учурунда курулушу башталган 204 мектеп ишке берилет. Дээрлик көпчүлүгү 50 пайыздан, 90 пайызга чейин курулушу бүтүп, токтоп калган мектептер бүткөрүлөт. Жаңы мектеп салынбайт",- деп эле так жазып, айтышса болмок. 

Эң кызыгы Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров өзү Жогорку Кеңеште: "Мындан ары жаңы мектептердин курулушу болбойт. Салынып жаткан курулушу бүтө элек мектептерди бүтүрөбүз", - деп айтканына карабастан, маалыматтык манипуляция кылышып коомчулуктун башын айланткандар чыгууда. 

Өкүнүчтүүсү, тролль, фейктерге мейли дейли десек, аттуу-баштуу эле министрлердин орун басарлары, агенттиктиктин жетекчилери манипуляция кылышып кокуйлап жатышканы жакшы эмес жорук.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости