www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Ыдырыс Исаков кайрадан милицияга чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков кайрадан милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Ыдырыс Исаковдун айтымында, сурак анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Анын баяндамасынын каармандарынын бири укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган.

Маалым болгондой, журналист талаштуу жер тилкеси боюнча иликтөө жүргүзүп, документтер жасалма экенин далилдеген.

«Бул адам сайттын документтеринин түп нускасын тапкандан кийин милицияга эмес, бандиттерге арызданса пайдалуураак болмок. Эмнеси болсо да суракка барам, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берем. Документтерге да кол коем», — деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости