www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы «Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Кыргыз тараптан Финансы министри Алмаз Бакетаев, Япония Өкмөтүнөн Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин өлкөбүздөгү  туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки катышты.

Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу. Ошондой эле, Борбордук Азия чөлкөмүндө логистикалык коопсуздукту камсыз кылуу. 

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 700,0 млн япон иени (5,3 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө грант бөлүүдө. Башкача айтканда бул кайра кайтарылбай турган каражат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости