www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кимдерге орозо кармоого болбойт? Дарыгердин жообу

Бүгүн Орозо айынын алгачкы күнү. «Сунна» медициналык хижама адистеринин ассосиациясынын президенти, жалпы практикалык дарыгер Бекжан Турабеков өзүнүн блогунда кимдерге орозо кармоого болбой турганын жана кайсы учурда дарыгердин көзөмөлү керектигин айтты.

Төмөнкү 12 учурда орозо кармоого болбойт.

— кош бойлуу аялдар;

— эмчек эмизген аялдар, бирок бала кошумча тамак жеп, бирок эненин ден соолугу алсыз болсо кармоого болбойт;

— гемодиализде жаткандар;

— инсулин алып жаткандар;

— инсульт, инфаркт болгонунан 1 жыл өтө элек адамдар;

— гломеруланефрит менен ооругандар;

— гемоглобини 100дөн ылдый болгондор;

— кан басымы 90/60 ылдый болгондор;

— жаңы операция болгондор;

— кургак учуктун активдүү формасы менен ооруп жаткандар;

— кайсы бир органын алмаштыргандар;

— дарылап жаткан  дарыгер ачка жүрүүгө абсолюттук түрдө мүмкүн эмес десе анда орозо кармоого болбойт.

Төмөнкү 8 учурда дарыгердин көзөмөлүндө кармоо сунушталат

— диабет менен ооруп, бирок инсулин эмес жөн эле дары ичип жүрсө;

— ашказандында гастрит же жара бар болгон болсо;

— өтүндө, боорунда кандайдыр бир маселелер пайда болгон болсо.(Гепатит В,С,Д цирроз ж.б.);

— гипертензия менен жабыркаган адам болсо;

— акыркы бир жылда жүрөк — кан тамыр системасына операция жасалган болсо (стент, клапан коюлса);

— акыркы бир жылда психиатриялык оорулар менен жабыркаган болсо (шизофрения, депрессия, стресс жана башка);

— ревматизм, артрит бар болсо;

— темир жетишсиздигинен пайда болгон анемия менен жабыркагандар.

Буга чейин дарыгер Эрмек Исмаилов Орозо айы башталганга чейин төрт анализди сөзсүз тапшыруу керектигин билдирген. Анын айтымында, орозо кармап жатканда адамдын иммунитети төмөндөп кетпеши үчүн алдын ала анализ тапшырып, жыйынтыгын билип алуу оң.

Последние новости