www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: «Асман» шаарын качан кура баштайт?

Минкабда Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул чечим натыйжалуулукту жогорулатууга жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен Асман экологиялык таза шаары пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча оперативдүү чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө багытталган. «Кызарган этке конгон чычкак чымындай болушкандар» тили буруу, айыпталган Файзиев, айыпталган тажик  Равшанбек Сабиров жана айыпталбаган миллионер  Салымбеков шаар кургусу келишип талпынып жатышат. «Асман» шаары курула элек жатып, орду өзгөрүлүп башка жерге курулмай болгон. Бийлик башы ысык көлдүк болсо эле, ошол тарапка шаар куруу бул туура эмес. Ушул шаарды курам деп манчыркап турган баткендик Равшанбек Сабиров андан көрө Баткен жакка шаар куруп элди кармап калса болмок, ал тарапта эл Чүй, Ысык-Көлдү көздөй оошуп, Равшанбек Сабировдун улутташтары улам бери жылып келатканы келечекте эмне болорун каңкуулайт. Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаары курула турган аймак өзгөргөн, эми Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү чечими кабыл алынды. Деги «Карышкырга кой кайтарткан жокпузбу?»

Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жыла турган болгон. Эми ойдогу бул шаар Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт. Кыргыз шаарын кургусу келген тажик Равшанбек Сабиров «Асман» шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон калат деп делөөрүп жатат. Аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Сүйлөшүүлөр бүткүчө Равшанбек Сабировдун иши бүтүп калар бекен?

Бийлик Ысык-Көл облусуна «Асман» деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун жарыялап келатат. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк. Убакыт шаштырып өтүп жатат, жылыш жок.

20 млрд долларга курула турган кыргыздын «Асман» шаарын эмне үчүн Тимур Файзиев же тажик Равшан Сабиров жетектеши керек? Тимур Файзиев Аскар Салымбеков менен «Бизнес боюнча Кыргызстандын курама командасын» жетектейт. Асманды караган «Асман» шаары классикалык күрөштүн борборуна айланчудай. Бул долбоорду башында Равшан Сабиров алып баратып парламенттик шайлоого аттанган. 2021 жылдын 8- октябрында Мамлекеттик дирекция түзүлгөн. «Чү» дегенде эле атына тескери минген минкабдын жетекчисинин биринчи орунбасары «эшек бизнеси» боюнча дүйнөлүк алдыңкы катарга чыккан Кожошев ноябрда жандай сүйгөн Абай Алымкуловду алып келет. Бул жигит квартирасына арендалык акы төлөбөй атагы чыккан. Кожошев бул тежикти иштете албай Салымбековдун Тимур Файзиевин январдын башында алып келет.  

 Ысык-Көлгө 500 миң кишилик Асман шаарын куруу идеясы Сауд Аравиясынан өөнөлүп алгандай.Бул идеяны Файзиев деген Аскар Салымбековдун көздөй адамы курам дегенде эки көзү төрт. Ал эми арабдарга акча жетишерлик. Ошондуктан, Сауд Аравиясынын ханзаадасы экологиялык таза шаар куруу планын жарыялаган. Ханзаада Мухаммед ибн Салман өзүнүн The Line деген аталыштагы жаңы проектисин жарыялап, шаар тургундары үчүн болуп көрбөгөндөй өзгөрүү тартууларын айткан. Ал кура турган шаар башка мегаполистерден айырмаланып, автомобилдерсиз жана чоң жолдорсуз келечектин супер конушу болот деп жарыялаган. Шаардагы мектептер, саламаттыкты сактоо мекемелери, эс алуу жайлары жана жашыл аянтчалар сыяктуу күндөлүк кызматтардын бардыгы беш мүнөттүк жөө аралыкта болот.Сауд Аравиясына жаңы курула турган калаа жогорку экономиканын диверсификацияланышына жана келечектеги 380 миң жумушчу орундун түзүлүшүнө салым кошору белгиленди. Шаар 2030-жылга чейин өлкөнүн ИДПсына 48 миллиард доллар кошот деп күтүлүүдө.

Акыркы мезгилдерде ири шаарлар технологияны, машиналарды жана заводдорду биринчи орунга койду, элди эмес. Эң өнүккөн шаарларда адамдар жумушка жылдап кетишет. 2050-жылга чейин күнүмдүк саякат эки эсе көп убакытты алат. Көмүр кычкыл газынын чыгышы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү бир миллиард адамды башка жакка көчүүгө мажбур кылат. Адамдардын 90 пайызы булганган аба менен дем алышат. Эмне үчүн биз жаратылышты өнүгүү үчүн курмандыкка чалуубуз керек?

Ханзаада журналисттерге билдиргендей, бул долбоорго 100 миллиарддан 500 миллиард долларга чейин сарпталышы күтүлүүдө. The Line компаниясына инвестиция тартуу үчүн NEOM падышалыктын Мамлекеттик Инвестициялык Фондусунун (PIF), ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк инвесторлордун колдоосу болот. Белгилей кетсек, NEOM футуристтик шаар куруу боюнча 500 миллиард долларлык биринчи ири долбоор. Бул Кызыл деңиздин жээгинде 262 500 чарчы чакырымдык жогорку технологиялык комплекс, бир нече зоналар, анын ичинде 2025-жылы бүткөрүү пландаштырылган өнөр жай жана логистикалык зоналар бар.

Ханзаада Мухаммед ибн Салман NEOM директорлор кеңешинин төрагасы болду. The Line калаасын карап көрсөк, узундугу 170 чакырым келген шаар калаанын табигый аймактарынын 95 пайызын сактап калууда. Унаа жок болот, көчөлөр болбойт жана көмүртек бөлүп чыгарбайт.

Сауд Арабиясынын  ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын жээни, ханзаада Фахд бин Турки бин-Абд Аль-Азиз өлүм жазасына тартылды. Аскер соту Йемендеги Сауд Арабия күчтөрүнүн мурдагы командири Фахдды чыккынчылыкка күнөөлүү деп тапкан. Бийлик ага өкмөткө каршы төңкөрүштү уюштурууга катышкан деген айып таккан. Эксперттер Сауд Арабиясынын ханзаадасынын камалышына Мухаммед бен Салмандын тиешеси бар деп белгилешет. Мындай жол менен ал камакка алынган адамдын үй-бүлөсүн мамлекеттик казынаны толтурууга милдеттендирет. Фахд 2020-жылы сентябрь айында уулу менен кошо камакка алынган. Бул Сауд падышасынын үй-бүлөсүнө байланыштуу биринчи чуулгандуу окуя эмес. Мураскер ханзаада Мухаммед 2017-жылы кырсыкка учурап, каза болгон ханзаада Мансур бин Мукриндин өлүмүнө дагы тиешеси бар деп болжолдонууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости