www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыранкуловду «балашка» деп кааласа башка чаап, кааласа чоң кызматын берип эркелеткен Алмазбек Атамбаев инфекцияга чалдыкты деп, айланадагылары ааламга жар салып жатат. Атамбаевди кудай сактасын, ал эркиндикте болсо, Кой-Ташта адамдар чылк чогулган жерлерде болуп, балким инфекция жуктуруп алышы мүмкүн болмок. Азыр адамдар курчабаган изоляцияда эмеспи, ал жакка инфекция кантип сойлоп кирсин? 65 –жаштын тамагын ичип жаткан экспрезидент деле бир-аз сыркоолоп калгандыр? Оору адамды тандабайт эмеспи. Же экспрезидент оорубасын деген мыйзам барбы? Көчөдө желек көтөрүп жүргөн Азыранкулов сыяктуу асыранды багып өскөн «балашкасы» ал президент кезинде болгон пайдасын соргон, губернатор, министр,президенттин кеңешчиси болгон, эми тескери карап кетсе Атамбаевдин ден –соолугу үчүн оор кесепет алып келет. Азыранкуловго окшогон «балашкалары» ушундай башына күн түшүп жатканда колдоо көрсөтүп коюшса болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости