www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө чет мамлекеттерден жана өнөктөштөрдөн келген каражаттар максаттуу пайдаланылат жана аны тиешелүү фискалдык жана укук коргоо органдары буга көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Премьер-министр сырттан тартылган финансылык каражаттын ар бир тыйыны боюнча отчёт берилерин белгиледи. 

«Коронавирус менен күрөшүүгө өнөктөштөрдөн жана чет өлкөлөрдөн жалпы 645,0 млн АКШ доллары суммасындагы каражаттары тартылууда, алардын ичинен финансылык жардам – 627,3 млн АКШ долл., гуманитардык жардам – 17,7 млн АКШ долл. Бүгүнкү күндө бул каражаттардан бюджетти колдоого  291,9 млн АКШ доллары түштү, ал эми инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 206,2 млн АКШ доллары тартылууда. Бул каражаттар саламаттык сактоо, социалдык коргоо тармактарына колдоо көрсөтүүгө жана экономиканы кризистен кийин калыбына келтирүүгө багытталган», - деди Кубатбек Боронов. 

Ошондой эле Премьер-министр Өкмөт ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүү жана экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүп жатканын айтты.

«Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган экономиканын дараметин өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Өкмөт ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүүгө жана акырындык менен экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүп жатат», - деди Өкмөт башчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости