www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Атамбаев ооруп жатат деп адвокаттары кан-какшап жатышат. Атамбаев президент кезинде көп кишини камаган, алар деле ооруп №47 колонияга которулушса, атамбаевчилер буларды камаса эле ооруп калат деп шылдыңдашчу. Эми өз баштарына келди, негизи Атамбаев ажалынан өлбөйт. Төлгөчү Кайып Шердин айтуусунда киши колдуу болуп өлөт имиш. Атамбаевдин «балашкалары» Мискенбаев баш болуп элдин мүлкүнө ач көздүк менен кол салышып, байлыкка туйтунушкан. Учурда көпчүлүгү абакта же Сапар Исаков, Албек Ибраимов сыяктуу мыйзамды сакташпай качып жүрүшөт. «Кызушкасы» экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева учурунда түрк шаары Измирдеги атын атабаган ишканага акциясын саткандан кийин доллар менен эсептегенде миллионер болгонун жарыялаган. Атамбаевдин айтуусунда акцияны сатууда түшкөн пайда 45 млрд түрк лири болгон, Алмазбек Шаршеновичтин эсептөөсүндө бул курс боюнча 35 миллион долларга барабар экен.
Кыргыз жигити, анын үстүндө ал кезде мамлекет башчысы Атамбаев доллар менен миллионер болуп жатса кимдер кубанбасын. Бирок мурунку СДПКчы Атамбаев Убактылуу Өкмөттө биринчи орун басар кезинде аппаратты жетектеп турган Эдил Байсалов кубанбай эле валютанын курсу боюнча Атамбаев канча пайда тапканын эсептеп чыккан. Чын эле ал чотко салып кагып көрсө 45 миллиард түрк лири курс боюнча 26 миң эле доллар болуп калат экен. Ал эми мурунку шефи айткан 35 млн долларлуу болуш үчүн болжол менен 58 триллион түрк лирине сатыш керек экен. Атамбаевдин бул аракети мынча акчаны кайдан таап алды, Кой-Таштагы падыша сарайды кантип курду деген Өмүрбек Текебаевдин айтканына жооп болгон.
Капыстан «чычым» Эдил Байсаловдун чыга калышы Атамбаев тарапты бүт дүрбөтүп, Атамбаев чын эле Elektromed Elektronik компаниясына акцияларын сатуудан 35 миллион доллар пайда тапканын, ал эми 45 миллиард деген сан ал компаниянын уставдык капиталы экенин билдиришкен. Бирок аудиттер текшергенде компаниянын наркы 33,7 миллион эле долларга бааланыптыр. Атамбаев Түркияга байма-бай каттап турган, бирок ал саясий маселелер менен гана эмес, ден соолугун чыңдоо үчүн да барган. 2014-жылы тизесине ошол жерден операция кылганын билебиз, 2016-жылы инсульт болуп Түркиядан дарыланып келген. Атамбаевдин айтуусунда бир кезде Түркияда жашап, бизнеске ээлик кылган. Бирок ал бардык активдерин сатып жибергенин белгилеп жүрөт. Путин Собчактын чемоданын көтөрүп жүргөндө эле бай болгонун да айтып жүрөт. Совет учурунда эле эл катары жашап жүргөн Атамбаев бул байлыкты кимден мураска алган?
Атамбаевдик бийлик учурунда Акаевдин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевге армияга барбаса да генералдык наам берип, Улуттук Коопсуздукту жетектетип койгон. Ал эми мурунку жан сакчысы Улан Исраилов Ички иштер министрлигине министр болгонун бардыгы эле билет. Ал кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаева болуп бул үчөө «балашка», «кызушкалар» Атамбаевдин кирпигине чаң жугузбай келген. Сегизбаевдердин үстүнөн кагаздар даяр болуп, жакында камалышы ыктымал деген сөз бар. Кызык суроо туулат, булар элдин коопсуздугун ойлочу беле же Атамбаевдинби?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg