www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга арналган Чүй мектеп-интернаты тез арада жаңы мончонун курулушуна муктаж. Буга чейин колдонулуп келген мончо 64 жыл мурун курулган. Ал жер чирип, талкаланган абалга жеткен. Бирок, балдар жууна турчу башка жай жок. Бул тууралуу мектептин директору Назгүл Мусаева жергиликтүү ЖМКлардын бирине билдирди. Учурда интернатта 150 окуучу окуп жатканы такталды.

«Балдар үйүнүн аймагында капиталдык оңдоону талап кылган бир нече объектилер бар. Алардын бири 1956-жылы курулган мончо. Курулган жылдарынан бери анын абалы олуттуу түрдө начарлап кетти. Сантехника чирип, дубалдарын көк басып, имараттын бурчтары урап калган. Мончону оңдоо же калыбына келтирүүдөн эч майнап чыкпайт. Андак көрө мончону бузуп, жаңысын куруу оңой жана арзаныраак », - дейт Мусаева.

 

Жаңы мончонун долбоордук баасы 1,3 миллион сомго бааланган. Интернаттын администрациясы курулушка жардам берүүгө даяр демөөрчүлөрдү издеп, ошондой эле каражат чогултууну жарыялады.

“Бардык долбоордук-сметалык документтер даярдалып бүттү, биз каалаган адамдардын баарына өз каражаттарыбызды кандайча жумшалып жатканын так билип турушу үчүн отчет берип турабыз. “Бөтөн бала болбойт” деп айтылат элибизде. Алар бизге башка мамлекеттен алынып келинген эмес, алар биздин балдар, Кыргызстандын балдары. Алар биздин келечегибиз! " - деп белгиледи Мусаева.

Интернатка жардам берүүнү каалагандар, аны 0704171990 номерлүү Элсом электрондук капчыгына акча которуу жолу менен жардам көрсөтө алышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости