www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт отставкага кетти

Казакстан өкмөтү парламенттик шайлоодон кийин отставкага кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин министрлер кабинети отставкага кетиши зарыл. Ал эми казакстандыктар 10-январь күнү жаңы депутаттарды шайлашкан. Анын жыйынтыгы менен Nur Otan, "Ак Жол" жана Казакстан Элдик партиясы жеңүүчү болгон. Эми парламенттик көпчүлүк кайрадан өкмөттүн курамын аныктайт. Ага чейин азыркы курам милдетин аткарып турмакчы.

Эске салсак, Аскар Мамин башында турган министрлер кабинети туура эки жыл иштеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости