www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абайлаңыздар! Бишкекте мыйзам жок! 2009-жылы кабыл алынган мыйзамдын негизинде имараттардын чатырларын кар жана муздардан тазалоо жалгыз гана ошол имараттын ээлерине жүктөлгөн. Мындай сөздөрү менен шаардык юрист Владимир Плужник өзүнүн Фейсбук баракчасында бөлүштү.

Мындай маалыматты берүүсүнүн себебин ал, күн жылып баштаганда көп кабаттуу имараттардын чатырындагы карлар эрип, музга айланып, алар имараттын алдында кетип бараткан адамдардын башына түшүп, көптөгөн жарандардын жаракат алуусу менен түшүндүрдү.

Юристтин айтымына караганда, мыйзамда Өкмөт тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын таштандылардан тазалоо, кар, муз же каптап кеткен жамгырдан тазалоого милдеттенме жок. Имараттын чатыры ошол үйдө жашаган тургундардын гана карамагында болоорун айтып өттү. Ага байланыштуу имараттын тургундары көбүнесе чатырларга жетиштүү маани бербей, жазга жакын эриген кар музга айланант. Чатырдан сынып түшкөн муз көптөгөн жарандарды жарадар кылып, жада калса өмүрүн да алып коет. Мындай окуя болгондо тилекке каршы, эч ким өз мойнуна жоопкерчиликти албайт...

“Үйдөн чыгып атканда башыңызды өйдө көтөрүп, коопсуздугуңузга жакшы көңүл буруп анан чыгыңыздар. Өзгөчө азыркы учурда күн акырындан жылып, муз эрий баштаган заманда дагы да этият болуңуздар”, - дейт Владимир Плужник.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости