www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Криминалдык милициянын кызматкерлери Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, издөөдө жүргөн 31 жаштагы Ш.А. Бишкекте экени маалым болуп, колго түшүрүлдү. Ал Тергөө кызматына алып келинип, шаардык милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, шектүүгө Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2018-жылы издөө салынган.

Эскерте кетсек, «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорт клубдардын биринен кармалып, 24-октябрда тергөө бүткөнгө чейин деп камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости