www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде маршруттук автобустун айдоочулары кайрадан иш таштаса, анда мэрия Транспорт министрлигине эл ташуучулардын лицензиясын жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылат. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин шаардык транспорт башкармалыгынын убактылуу башчысы Улан Бейшенбаев брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, Бишкек мэриясы айдоочулар талап кылган жол акыны көтөрүү маселесин кароого даяр эмес. "Бирок ал маселе убагы келгенде каралат" деп Улан Бейшеналиев бир нече жолу кайталап, бирок, бул тууралуу кененирээк сөз кылган жок.

Бейшеналиев транспорттук компаниялардын жетекчилерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалады. Ага ылайык, эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары ишин токтото турган болсо, анда аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. "Элди ташууга лицензияны Транспорт министрлиги берет, биз болсо аны жокко чыгаруу үчүн кайрылабыз", - деди ал.

Эске салсак, апта башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан, антпесе алар ишти токтотуп коюшмак. Мэрияда кичи автобустарда жүрүү тарифтерин жогорулатуу маселесин кароо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир жуманын ичинде айдоочулар болжолдуу сметаны шаардык транспорт бөлүмүнө тапшырышы керек.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости